Улуу Британияда кийим-кече сатуучу дүкөндүн ээси уурулук кылуу үчүн вакансия жарыялады. Ошондой эле бул жумушка келгендерге жакшы айлык төлөнөрү да айтылды. Бул тууралуу чет элдик маалымат каражаттары жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, дүкөндөн кийим-кечелерди уурдаган ууруга саатына 50 фунт (болжол менен 4462 сом) акы төлөнөт. Андан сырткары түзүлгөн келишимге ылайык, уурдалып алынган кийимдердин баары ал кызматкерге белек катары берилет.
"Мен дүкөнүмдү 2013-жылы ачкам, жыл сайын Рождествонун алдында дүкөнүмдөн көп товарлар уурдалат. Бул, албетте, чоң чыгымдарга алып келет. Ноябрь айынан баштап дүкөнгө келген кардарлардын саны кескин көбөйөт, алардын баарын көзөмөлдөө мүмкүн эмес. Дүкөндүн ичинде байкоочу камералар орнотулган. Бирок ал нерсенин да жардамы тийбей калып жатат. Бул кызматка келе турган адам полициядан чочулабай эле койсо болот, ал товарды уурдап, кийин аны кантип уурдаганын гана айтып бериши керек. Мындай жол менен биз буга чейинки кетирген катачылыктарды оңдоп, уурулукту алдын алабыз. Мындай кызматкер дүкөн жоготуп жаткан чоң чыгымдарга бөгөт коёт деп ишенем", - деген дүкөн ээси.
"Ууру" кызматкер бир жумада эки-үч жолу дүкөнгө келип уурулук кылып, кийин аны кантип дүкөндөн алып чыгып кеткенин айтып берет. Андан сырткары бул кызматка мурда соттолгон адамдар алынбай турганын жана коопсуздук кызматтарында иштеген адамдарга артыкчылык берилери жазылган.