Экс-депутат Данияр Тербишалиев: "2013-жылдагы съездден кийин КСДПнын ичинде бөлүнүү пайда болуп, авторитардык боло баштады"

Бүгүн, 7-декабрда "КСДП Атамбаевсиз" кыймылынын өкүлдөрү маалымат жыйын өткөрүп жатышат. Анда партиянын аймактарда конференция өткөргөнүн айтышты.

Сагынбек Абдырахманов өзүнүн партиядан чыгарылганы тууралуу чечимди танбай турганын айтып, чечим легитимсиз болгонун билдирди.

Ошондой эле партиянын конференциясына Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина келип "Кааласаңар арыз жазып партиядан чыгып кеткиле да өзүнчө партия ачып алгыла" дегени айтылды. Мындан улам кийинки партиянын жыйындарына Иринка Карамушкина катышары тууралуу суроого Сагынбек Абдырахманов: "Ирина Карамушкинаны дагы, Атамбаевди дагы чакырабыз", - деди.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Данияр Тербишалиев: "Азыр партиянын тазалоо жана аткарылган иштери тууралуу айтып жатабыз. Партиялардын көбү авторитардык болуп келет. Тилекке каршы, баары бир адамга тиешелүү болууда. Бирок партия коомдук болуп саналат. Партиядагылардын көбүнүн көз карашы 2010 жана 2013-жылдан кийин өзгөрдү. Ошол жылдагы съездден кийин партия арасында бөлүнүү пайда болуп, партия ичинде атаандаштык жоголуп кетти. КСДПнын партиясынын ичинде жүрүп жаткан процесс кийин өлкөбүздөгү парламенттик башкаруунун башкаруу формасынын бири болуп калат деп ишенгим келет", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан