Ушул жылдын 9 айында Кыргызга чет өлкөдөн келген инвестициялардын көлөмү 31,5 пайызга кыскарган

2018-жылдын январь-сентябрь айларында Кыргызга чет өлкөлөрдөн келген түз инвестициялардын көлөмү 2017-жылдын дал ушул мезгилине салыштырмалуу 31,5 пайызга кыскарып кеткен. Муну менен көрсөткүч 344,9 миллион долларды түзгөн. Ушул эле учурда чыккан ивестициянын көлөмү 16,8 миллион доллар болгон. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитетинин маалыматында айтылат.

Чет өлкөлүк түз инвестициялардын структурасында болсо жеке капиталга кошкон салым жана соода насыяларынан башка бардык тараптан төмөндөө байкалган.

Маалыматка караганда, инвестициялардын негизги көлөмү (84 пайызы) кен иштетүү, өндүрүштү кайра иштетүү, геологиялык чалгындоо, камсыздандыруу, маалымат жана байланыш тармагына багытталган. Чет өлкөдөн келген түз инвестициялардын көбү Кытайдан келип жалпы көлөмдүн 37 пайызын ээлейт. Андан кийин Нидерланды 11,4 пайыз, Улуу Британия 7,5 пайыз, Түркия 7 пайыз жана Щвейцария 5 пайыз.

Өткөн жылга салыштырмалуу инвестициялар Баткен, Ысык-Көл, Чүй облустарына жана Ош шаарына аз келген. Калган аймактарда инвестициянын келишинин көрсөткүчү жогорулаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
MAKALAK
2018-12-07 15:06:06
Может Кыргызстанга
+1
Shekeev969798
2018-12-08 15:39:54
Жапайлардай болуп келген инвесторлорду иштепей ызылдатып атсанар ким келмек эле!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан