Казакстанда коомдук жайлардагы эреже бузууларды сүрөткө, видеого тартып, полицияга жиберген жарандарга акча төлөнөт. Мындай маалыматты казак басылмалары жазып чыгышты.
Казакстандын ички иштер министри Калмуханбет Касымов укук бузууларды камерага тартып, полиция кызматкерлерине маалымдагандарга акча төлөп берүүнү пландап жатканын билдирген. Ал үчүн жарандар эреже бузуулар тууралуу укук коргоочуларга маалымдайт. Эгер полиция кызматкерлери ал окуяны аныктап, күнөөлүүлөрдү жазаласа, анда маалымдаган кишиге акча төлөнөт.