Панфилов райондук ички иштер бөлүмү ушул жылдын 28-ноябрында эртең менен ооруканада чарчап калган баланын өлүмү боюнча кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин маалымат кызматы кабарлады.
Маалыматка ылайык, Панфилов райондук милиция бөлүмүнө аймактык ооруканага 2016-жылы туулган Х.О. аттуу бала эс-учун жоготкон абалда жаткырылгандыгы, анын денесинде көптөгөн тактар бар экендиги боюнча маалымат келип түшкөн. Ыкчам топ ооруканага келип, акыркы убактарда наристе менен жашап жаткан 32 жаштагы аялды суракка алышкан. Сурактын жүрүшүндө баланын өзүнүн апасы 42 жашта экендиги, ал Орусияга иштегени кеткени белгилүү болгон. Ал эми наристени убактылуу кароого алган 32 жаштагы Э.С. күйөөсү менен ажырашып кеткен, өзүнүн да 3 баласы бар.
"Алар Кайыңды шаарында 2017-жылдан бери туугандарынын үйүндө жашап келген. Чарчап калган баланын апасы менен Э.С. Баткен облусундагы Кызыл-Кыя шаарында жашап жүргөндө таанышкан.
Андан кийин экөө курбу катары тааныш болуп, ушул жылдын ноябрь айында баланын апасы Э.С.га баласын таштап, өзү Орусияга кеткен. Аны багып жаткан аял мындан бир нече күн мурун бала 2 кабаттуу керебеттен кулап кеткенин, 28-ноябрда эртең менен эсин жоготуп койгонун айткан. Андан кийин Э.С. тууганына чалып, өзү баланы алып ооруканага алып келген. Ал жерден наристени дароо жандандыруу бөлүмүнө кабыл алышкан.
Бул окуяны уккандан кийин баланын апасы Орусиядан кайтып келген. Ал учурда наристе Бишкек шаарындагы аймактык ооруканага жөнөтүлгөн. Бирок абалы начарлап Эне жана баланы коргоо борборуна которулган. Дарыгерлердин көргөн аракеттерине карабастан, 6-декабрда наристе эсине келбей каза болуп калган", - деп жазылат маалыматта.
Ошондой эле анда бул боюнча Ленин райондук милиция бөлүмүнүн ыкчам-иликтөө тобу соттук-медициналык экспертиза дайындаган. Алдын ала айтылган жыйынтыктар боюнча, бала денесинин бир нече жеринен жаракат алган. Ал эми Э.С.га карата психиатриялык экспертиза дайындалган.
"Панфилов РИИБи Кылмыш-жаза кодексинин 104-беренеси (саламаттыкка атайылап оор зыян келтирүү) менен кылмыш ишин козгогон. Учурда тергөө иштери уланууда", - деп кошумчаланат билдирүүдө.