"Huawei'дин" каржылык директору Канадада камакка алынды

"Huawei'дин" негиздөөчүсүнүн кызы, аталган компаниянын каржылык директору Мэн Ваньчжоу Канадада камакка алынды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыкты.

Канадада Мэн Ваньчжоунун кармалышы боюнча соттук отурум өткөн. Анда "Huawei" корпорациясында Иран санкциясына каршы мыйзам бузуулар болгон деп айыпташкан. Соттук отурумдун жүрүшүндө анын катышуучулары Ваньчжоуну үй камагына чыгарат деп болжолдошкон. Бирок Башкы прокуратуранын өкүлү аны камакка алуу мөөнөтүн узартуу керек деген пикиринде турган.

"Huawei Technologies" компаниясынын каржылык директору Мэн Ваньчжоу АКШнын өтүнүчү менен Ванкуверде 6-декабрда камакка алынган. Учурда аны АКШга экстрадициялоо болжолдонуп жатканы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан