5-декабрь күнү социалдык тармактарга ымыркайдын жалаңач абалда балкондо жаткан сүрөтү тараган. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, ал сүрөттү интернеттин 28 жаштагы Александр Потрясов аттуу колдонуучусу жүктөгөн. Ал өзүнүн баракчасында жашаган жерин Саратов облусу деп көрсөткөн.
"Менин аялымда төрөттөн кийинки депрессия болуп жатат. Мен азыр сиздерге тастыктап берем. Мына ал өзүнүн баласын эмне кылган?! Менин кичинекей кызым ыйлап жатканда мен жумушта болчумун. Ал мага сүрөттү жөнөткөн", - деп жазган Потрясов Лиза Климова аттуу аялдан келген бир нече сүрөттөрдү жүктөгөн. Сүрөттө жылаңач ымыркайдын балкондо жатканын көрүүгө болот.
Аялым жөнөттү деген сүрөттөрдүн алдында анын дарегине жазылган, сөгүнгөн сөздөр да бар.
"Интернетке кирип кызыңдын сүрөтүн көрүп алсаң болот. Балким, аны акыркы жолу көрүп жаткандырсың, чечинтип туруп балконго таштап койдум, тоңуп өлсүн", - деп жазылат күйөөсүнө жөнөтүлгөн сүрөттүн алдында.
Жубайлардын бул кылганын көргөн тааныштары жергиликтүү порталга кабарлап: "Күйөөсү "көп басат" ал эми аялы ага ачууланып, туура эмес аракеттерди жасайт. Экөөнүн 3 айлык кызы бар", - деп билдиришкен.
Андан кийин Петрясовдун аялы: "Күйөөм үйдөн акча уурдап кеткен. Мени кызым менен 1 тыйынсыз калтырды. Ал балага кыйкырып, кол көтөрчү. Менде бардык далилдер бар", - деп жазган. Ал эми Петрясов журналисттерге: "Мен ал менен жашабайм, аны энелик укуктан ажыратыш керек деген ойдо жөнөткөн сүрөттөрүн интернетке жүктөгөм. Өзүм кызым менен чогуу жашабаганым менен, дайыма аны ойлоном. Аябай көп иштейм, ошого кызымды өзүм бага албайм. Сүрөттү интернетке жүктөп ката кылыптырмын", - деп билдирген.
Укук коргоо органдары ал сүрөткө дароо көңүл буруп, иликтөө иштерин баштаган. Анын жүрүшүндө сүрөт ушул жылдын октябрь айында тартылганы белгилүү болгон. Наристенин балкондо канча убакыт жатканы белгисиз, бирок медициналык кароо жүргүзгөндө андан эч кандай оору, денесинен жаракаттар табылган эмес. Андан кийин жашы жете элек балага карата ата-энелик милдетин так аткарбагандыгы үчүн кыздын апасына протокол түзүлгөн.