Франциянын борбору Парижде бүгүн, 8-декабрда да жарандардын нааразычылык акциясы улантылды. Үч аптадан бери жарандар өкмөттүн күйүүчү майга салык киргизүү планына каршы акцияга чыгышууда. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, нааразычылык акциясы өтүп жатканда өкмөт ал план убактылуу токтотуларын жарыялаган.
Буга карабастан Париждеги нааразычылык акциясы улантылып жатат. Бүгүн “сары кемселчендер” деп аталган жарандардын нааразычылык акциясы өтүп, ал бир катар башаламандыктар менен коштолгон. Тартип сакчылары 320га жакын адамды кармап кеткен. Бүгүнкү күндө Париждеги бир нече белгилүү туристтик жайлар, дүкөндөр, музейлер жана Эйфел мунарасы да жабылган.
Парижде 8 миңден ашуун полиция кызматкери коомдук тартипке көзөмөл кылып жатканы жазылат маалыматта.