Калифорниядагы жолбун жаныбарларды баккан уюм жалгыз жүргөн итке байкоо салышкан. Чет элдик маалымат булактары жазгандай, ал кожоюнунун өрттөнүп кеткен үйүн өтө өжөрлүк менен кайтарып жүргөн.
Үй болсо өрттөнгөн, эч ким жашабайт. Кырсык орун алган кезде үйдүн кожоюндары жашаган жерин таштап кетишкен. Бирок жаныбарды алганга үлгүрүшкөн эмес. Өрттөн аман калган ит жашаган эч ким жок экенине карабай ал тилкени кайтарып жүргөн.
Мэдисон аттуу бул ит акыры кожоюндары менен жолуккан. Ноябрдын башында жашаган жерин таштап кеткен адамдар кайтып келишип, Мэдисонду алып кетишкен. Алар бир ай бою итинин амандыгын тилеп жүрүшкөнүн билдиришкен.