АКШда издөөдө жүргөн баңгитөбөл жүзүн таанылгыс кылып өзгөрткөн. Бирок аны үнүнөн таанып калышты

Бразилиянын Сан-Паулу шаарынан көптөн бери издөөдө жүргөн баңгитөбөл кармалды. Колумбиялык Хуан Карлос Рамирес Абадия дүйнөдөгү көптөн бери издөөдө жүргөн адамдардын сап башында турарын чет элдик басылмалар жазды.

Ага ылайык, баңгитөбөлдүн жүргөн жерин маалымдагандарга АКШнын баңги затын жайылтууга каршы күрөшүү башкармалыгы 5 миллион доллар убадалаган. Ага карабастан Хуан Карлос Рамирес Абадия кармалган эмес.

Тартип сакчылары тарабынан колго түшүрүлгөндөн кийин баңгитөбөл жоопкерчиликтен качуу үчүн пластикалык операциянын жардамы менен жүзүн таанылгыс кылып өзгөрткөнүн моюнуна алган. Ал ээгине, жаагына, көзүнө, оозуна, кулагына, мурдуна операция жасаткан.

"Аны эски сүрөттөрү аркылуу таануу мүмкүн эмес болчу. Ал "өзүнүн бизнесин" байланыш аркылуу башкарып турган. Полиция Хуан Карлос Рамирес Абадияны издеп жүргөндүктөн, шектүүнүн телефон байланыштарына байкоо коюшкан. Анын үнү мурдагыдан өзгөрбөгөндүктөн, үн аркылуу баңгитөбөлдү таап кармашкан", - деп жазылат маалыматта.

Ал Бразилияда кармалып, АКШга экстрадицияланган. Баңги затын сатып, айландырганын жана бир нече адамды өлтүрүүгө тапшырма бергенин моюнуна алган. Сот аны 30 жылга эркинен ажыраткан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Bazana
2018-12-09 16:14:37
Ото деле озгоргон эместейго
+3
Nanei
2018-12-09 16:50:30
Кодиржон Ботиров да ущинтип албаса болду
+13
Krai
2018-12-09 18:29:31
Nanei,мен да ошентип ойлоп атам кадыржан олгон эмес болуш керек калп эле олду ал шумшук анан бир куну чыгат
+9
BoDiNur
2018-12-09 18:48:40
Krai,мен да ошентип ойлодум сразу эле, Кадыржан олбой калды гоо дедим
+7
ilgiz-kg01
2018-12-09 22:02:35
Кадыржан Батыров кылса өзүнө кылат эртен жооп бере турган күн келет
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан