Бүгүн Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институтунун абалы талкууланат

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин комитетинде Кыргыз дыйканчылык илимий изилдөө институтунун бүгүнкү күндөгү абалы тууралуу талкууланат. Бул тууралуу парламенттин сайтына жарыяланды.

Баяндаманы аталган институттун директору Нурудин Карабаев жасайт. Жыйындын күн тартибине 3 маселе коюлган.

Кыргыз Республикасы менен Азия өнүктүрүү банкынын ортосундагы "Климаттын өзгөрүүсүнө жана табигый кырсыктарга суу ресурстарынын туруктуулугун күчөтүү" долбоору, "Өcүмдүктөрдү камсыздандыруунун өзгөчөлүктөрү тууралуу" мыйзам долбоорунун жаңы редакциясын иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүү жөнүндө маселе каралат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан