Депутат Нышанов чиновниктердин үйлөрү өзүнө же аялына жазылбаса ал жерге жашаганга тыюу салуу керектигин айтты

Депутат Сайдулла Нышанов чиновниктердин үйлөрү өзүнө же аялына жазылбаса, ал жерге жашаганга тыюу салуу керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

"Коомчулукта транспорт жана жолдор министринин орун басары пара алганга шектелип кармалганы талкуу жаратууда. Ал жалгыз эмес, андай адамдар көп. Чиновниктер эң кымбат үйлөрдө жашайт, бирок ал турак жайлар чоң атасына же жээнине жазылган. Кымбат автоунааларды айдап жүрүшөт, ал дагы ага жазылган эмес. Чиновниктердин үйлөрү өзүнө же аялына жазылбаса, ал жерге жашаганга тыюу салуу керек. Өзүнө жазылбаган автоунааны айдаганга дагы тыюу салуу шарт", - деди Нышанов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан