Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин комитети финансы министри кызматына талапкердин маселесин жабык эшик артында карап жатат.
Бул кызматка Бактыгүл Жээнбаева сунушталууда.
Буга чейин депутат Исхак Масалиев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин жыйыны 11-декабрдан 10-декабрга жылдырылганын айткан.
Бактыгүл Жээнбаева президенттин кеңешчиси болуп июль айында дайындалган.
Адылбек Касымалиев финансы министри кызматынан өз арызынын негизинде 6-декабрда кеткен.