Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында финансы министри кызматына талапкердин маселеси каралууда. Жыйын башында журналисттерсиз өтүп жаткан. Депутат Исхак Масалиев жыйын жабык өтсүн деген чечим кабыл алынбаганын журналисттерге билдирди. Андан кийин журналисттер залга киргизилди.
Бул кызматка Бактыгүл Жээнбаева сунушталууда.
Бактыгүл Жээнбаева президенттин кеңешчиси болуп июль айында дайындалган.
Адылбек Касымалиев финансы министри кызматынан өз арызынын негизинде 6-декабрда кеткен.