Депутат Тиллаев Адылбек Касымалиев эмне үчүн финансы министри кызматынан кеткенин сурады

Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Таабалды Тиллаев Адылбек Касымалиев финансы министри кызматынан эмне үчүн кеткенин сурады.

"Адылбек Алешовичтин кызматтан тез арада кетишине эмне себеп болду?" - дейт депутат.

Вице-премьер-министр Замирбек Аскаров Касымалиев жазган арызынын негизинде кызматтан кеткенин айткан. "Ал чарчадым, эс албасам болбойт" деп айткан. Биз бюджет тууралуу мыйзамдар кабыл алынгандан кийин кет деп сунуштаганбыз", - дейт Аскаров.

Бул кызматка Бактыгүл Жээнбаева сунушталууда.

Бактыгүл Жээнбаева президенттин кеңешчиси болуп июль айында дайындалган.

Адылбек Касымалиев финансы министри кызматынан өз арызынын негизинде 6-декабрда кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан