Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин комитетинде финансы министри кызматына талапкер каралды. Алгач жыйынга журналисттер киргизилген жок. Андан соң депутат Исхак Масалиев журналисттерди жыйынга киргизди.
Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы Канатбек Керезбеков жыйын жабык өтсүн деп айтпаганын айтып, аппарат кызматкерлери туура эмес түшүнүп журналисттерди киргизбей койгонун билдирди.
Жыйынга журналисттерди киргизбей жаткан Жогорку Кеңештин аппарат кызматкери комитет төрагасы "киргизбе" деп айтканын билдирген эле.
Финансы министри кызматына Бактыгүл Жээнбаева сунушталып жатат. Ал президенттин кеңешчиси болуп июль айында дайындалган.
Адылбек Касымалиев финансы министри кызматынан өз арызынын негизинде 6-декабрда кеткен.