Бүгүн саат 21:00дө "Апрель" телеканалынан экс-президент Алмазбек Атамбаевдин маеги көрсөтүлөт. Мындай маалыматты КСДПнын өкүлү Кундуз Жолдубаева таратты.
Маектин үзүндүсүнөн Атамбаевдин президент Сооронбай Жээнбековдун шайлоо штабына тийиштүү деп жарыяланган "кара касса", Өмүрбек Бабановго козголгон кылмыш иши тууралуу суроолорго жооп бергенин байкоого болот. Буга чейин Атамбаевдин маеги расмий тилде жарыяланган. Бул ирет мамлекеттик тилде көрсөтүлмөкчү.