Бүгүн, 10-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Дүйшөн Төрөкулов билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева окуу китептеринде кеткен каталар боюнча кандай чаралар көрүлүп жатканын сурады.
Кудайбердиева ушул аптанын аягында министрликте коллегия өтө турганын айтты. "Китептерде ката кетип жатканы туура эмес иш болду. Бул каталарды жоюу жөнүндө аракет кылып жатабыз. Каталарды карап чыгабыз. Ушул аптанын соңунда коллегия өтөт. Ал жерде кеткен каталар боюнча чечим кабыл алынат", - деди министр.
Социалдык маселелер, билим берүү, илим, маданият жана саламаттыкты сактоо боюнча комитетинде билим берүү уюмдары үчүн басылып чыккан окуу китептеринин сапаты жөнүндө маселе каралды. Жыйынтыгында комитет кемчиликтер эске алынсын деген чечим кабыл алды.