Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "УКМК Зилалиевден сырткары өздөрүн, президентти, фракция лидерлерин, баш прокурорду текшере алабы?"

Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев камакка алынып, 2 айга тергөө абагына киргизилди. Ага "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Зилалиевдин декларациясына көрсөтпөй койгон батир, үй жана жер тилкелери бар экендиги аныкталды. Ошондой эле банкта 889 миң 900 доллар акчасы катылганы тууралуу расмий маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен таратышты.

SUPER.KG порталынын "Кыргыз чиновниктеринин арасында байлыгын декларацияга киргизбеген жалгыз эле Зилалиевби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди.

Ал Кыргыз өлкөсүнүн башкаруу системи коррупциялашып кеткенин айтты.

“Кыргыз мамлекети аябай коррупциялашкан өлкө. Башкаруу системи да аябай коррупциялашкан. Чиновниктер, премьер-министр, президент таза деп жөнөкөй элди алдашы мүмкүн, бирок түшүнүгү барларды алдай албайт. Башкаруу моделин өзгөртмөйүнчө мындай күрөштөн жыйынтык чыкпайт. УКМК Зилалиевден сырткары өздөрүн, президентти, фракция лидерлерин, баш прокурорду текшере алабы? Жок”, - деди ал.

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, саясатчы Азимбек Бекназаров, укук коргоочу Рита Карасартова, конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулова, эксперт Руслан Акматбектин пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан