Эксперт Руслан Акматбек: “Ачык-айкын иштөө маданияты Кыргыз өлкөсүндө жокко эсе”
Экс-вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев камакка алынып, 2 айга тергөө абагына киргизилди. Ага "мыйзамсыз баюу" беренеси боюнча кылмыш иши козголду. Зилалиевдин декларациясына көрсөтпөй койгон батир, үй жана жер тилкелери бар экендиги аныкталды. Ошондой эле банкта 889 миң 900 доллар акчасы катылганы тууралуу расмий маалыматты Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен таратышты.
SUPER.KG порталынын "Кыргыз чиновниктеринин арасында байлыгын декларацияга киргизбеген жалгыз эле Зилалиевби?" деген соболуна эксперт Руслан Акматбек жооп берди.
Эксперттин пикиринде, коомдо мамлекеттик органдарга ишеним төмөн болгондуктан, жарандар кирешелерин аз көрсөткөнгө аракет кылат.
“Биз илгертеден бери бийликке ишенбегендиктин айынан баарын мүмкүн болушунча жашырабыз. Чиновник гана эмес, жөнөкөй ишкер же жаран колунда эмне бар болсо, аз көрсөткөнгө аракет кылат. Мамлекеттик органдарга жана айланасындагыларга болгон ишенбөөчүлүк да буга себеп. Мисалы, эртең бир ишкер “менин мынча байлыгым бар"ко деп чыкса, бирөө келип аны карактап кетсе, укук коргоо органдары бул ишкерди коргой алабы? Коргой албайт да. Тилекке каршы, биздин коопсуздугубузга толук ишеним жок.
Бул маселе бир гана чиновниктерге тиешелүү эмес. Өлкөбүздө баары эле өзүнүн кирешесин жана мал-мүлкүн кандайдыр бир деңгээлде жашырып, баары бир аз көрсөтөт. Бул жалпы кыргыз коомчулугунун маданияты, анткени аз салык төлөгүсү келишет, коркушат, кооптонушат. Чиновниктер да коомдун бир бөлүгү”, - деди эксперт.
Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясатчы Азимбек Бекназаров, укук коргоочу Рита Карасартова, конституциялык палатанын мурдагы судьясы Клара Сооронкулованын пикири бул шилтемеде.