Түштүк Кореянын президенти Мун Жэ Ин Түндүк Кореянын лидери Ким Чен Ынды Сеулга чакырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Түштүк Кореянын президенти Мун Жэ Ин Аргентинадагы "Чоң жыйырмалыктын" (G20) саммитинен келген соң эле Түндүк Кореяга чакыруу жөнөткөн.
"Мун Жэ Ин Ким Чен Ынды 12-14-декабрда Сеулга иш сапары менен келип кетүүгө чакырган. Азырынча Түндүк Кореядан расмий жооп боло элек", - деп жазылат маалыматта.
Айрым маалыматтарда Ким Чен Ындын 2018-жылдын аягына чейин Түштүк Кореяга сапар жасабай тургандыгы айтылууда.
Буга чейин Мун Жэ Ин Түндүк Кореяга барып, эки тараптуу келишимдерге кол коюп келген. Бул жолку чакыруу аталган сапарга жооп иретинде болмокчу.