Казакстандын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Айбек Смадияров Кытайдагы этникалык казактарга мекенине кетүүгө уруксат берилгенин маалымат жыйынында билдирди.
Смадияров кеп Кытай жана Казак кош жарандыгы бар этникалык казактар жөнүндө болуп жатканын баса белгиледи.
"Алар кандайдыр бир себептен Кытайдын аймагынан чыгып кете алышпайт. Ошондуктан биздин консул бул багытта иштерди жүргүзүп жатат. Биз бардыгын тактап жатабыз: кайсы документтерди даярдоо керек, кайсы жагдайда бардыгы туура болот. Мындан тышкары дипломаттарыбыз кытай тарап менен иштеп жатат", - деди ал.