Алмазбек Атамбаев кетирген катасы үчүн элден кечирим сурады

"Мен дос жагынан, кадр жагынан адашкан экенмин". Бул тууралуу экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына берген маегинде билдирди.

Айтымында, Атамбаев кадр жана дос тандоодо адашкан.

"Албетте, мен да адаммын, мен да пендемин, мен да адашам. Мүмкүн мен башкалардан көбүрөөк адашам. Өзгөчө ушул кадр жагынан, адам жагынан, дос жагынан көп адашат экенмин. Адамдын ичин көрө албайт экенмин. Кыргыздын макалы бар го “Жыландын аласы тышында, адамдын аласы – ичинде” деген. Көп ката кетирдим, көп адаштым. Бирок бир нерсе айтар элем, мен кандай кылсам да, эмне кылсам да, президент катары элим-жерим деп иштеп жаттым. 2011-жылдан баштап 2017-жылдын аягына чейин президент болуп иштедим. Ушакчылар, душмандар канчалык кыйкырса дагы, элдин турмушу ушул жылдар арасында кыйла эле оңолду. Шаарларды алсак, ошол эле Бишкектин ичинде машинанын саны 6-7 эсе көбөйүп кетиптир. Ош, Жалал-Абад, Талас болобу, Баткен болобу, Нарын болобу, Ысык-Көл болобу, бардык жерде элдин турмушу жаманбы-жакшыбы оңолуп калды. Элдин жарыгы бар, газы бар, жолдорун жаманбы-жакшыбы оңдоп кеттим. Бир топ жакшылыктар да болду. Менимче, кыргыздын духун да ойготуп кеттим. Көчмөндөр оюнун өткөргөнгө чейин кыргызмын деп мактанган эл азыраак болчу. Азыр биздин жарандар кадимкидей "кыргызмын" деп башын бийик көтөрүп калган. Ошондуктан мен эмне дээр элем, өзгөчө өкүнгөн нерсем, азыр мага өз айылымдан баштап Баткен, Жалал-Абад, Көл, Таластан бери бир топ региондордон адамдар келип жатат. Алардын эң негизги нааразычылыгы “сага ишенип, президенттикке көрсөткөн адамыңды колдосок, ушундай болуп жатат, сага каршы иштеген Байсалов, Тербишалиев сыяктууларды көтөрүп жатат. Бизге мындай кордук кылып жатат” деп таарынычтарын, армандарын айтып жатышат. Албетте, мен бул сөздөрдү угуп абдан кайгырып жатам, өкүнүп жатам. Эң чоң адашканым - ушул президенттик шайлоо болду окшойт. Ошондуктан элимден бул катачылык үчүн, адашканым үчүн кечирим сурайм. Буюрса, мезгил бардыгын өз ордуна коёт", - деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан