Бүгүн экс-президент Алмазбек Атамбаев жергиликтүү "Апрель" телеканалында журналисттин суроолоруна жооп берди. Маектин стеннограммасын сунуш кылабыз.
- Саламатсызбы, Алмазбек Шаршенович!
- Саламатсыңарбы!
- Кандай гана суроолор болбосун, баарына так жана даана жооп берем деген убадаңызды бердиңиз. Курч суроолор менде көп. Анын баарын бирден, шашпай берейин. Сиз президенттик кызматтан кеткенден бери бир жылдан ашык убакыт өттү. Ал он эки айда кандай гана окуялар болгон жок. Айрым жакын деген тарапташтарыңыз сизге артын салып басып кетишти, каралоо кампаниясы күчөдү, өлкө башчысына таандык мурасты да тебелеп-тепсеп, аны жок кылабыз дегендер да бар. Өткөн бир жылга сиз өзүңүз кандай баа берет элеңиз?
- Туура айтасың. Жакын деп санаган адамдар басып кеткен жок, сатып кетти деп айтар элем. Каралоо кампаниясы да өзгөчө болду. Мен мындай каралоону, ушакты Акаевдин, Бакиевдин заманында да көргөн эмесмин. Сен айткандай, менден калган мурас деп айтып койдуң, эми аны да жок кылгысы бар деп. Чындыгында, аны жок кыла албайт го. Анткени бир топ курулуштар, долбоорлор ишке ашкан, ал баары бир калат. Жыл, албетте, оор болду. Өзүң айткандай, мени жок кылууга, жоготууга да аракеттер болду. Бирок мен ачык айтсам, мындайларды көргөм. Каралоо, ушак эле көбүрөөк болбосо, калганынын баарын көргөм. Акаевдин да, Бакиевдин да убагында мени жоготобуз, кетиребиз деп бир топ аракет кылышкан. Бирок мен дагы деле Кыргыз өлкөсүндөмүн. Акаев менен Бакиев кайда экенин өзүңөр билесиңер. Кудай бар. Бир жагынан алсак, албетте, өтө оор жыл болду. Экинчи жагынан алсак, мен Кудайга шүгүр деп жатам. Анткени Кудай мага атайылап, ал-күчүм бар кезде чындыкты көрсөтүп жатат. Менин катачылыктарымды, кимдин ким экенин көрсөтүп жатат. Кыргызда "жамандыкты амандык жеңет” деген сөз бар. Кандай болсо да турмуш өз жолу менен кетип баратат. Менин айтайын дегеним, мени эч ким коркута да, сындыра да албайт. Мен Кудайдан гана корком. Кудайга шүгүр, бул жылы көп жакшылыктар да болду. Кээ бир дос деген адамдардын ыпластыгын көрсөм, ошол эле убакта бир топ адамдардын, өзгөчө карапайым адамдардын бийиктигин көрүп жатам. Кудай үй-бүлөмө да жакшылык берип жатат. Мына быйыл дагы бир неберелүү болдум. Кызым Алия кыздуу болду. Кудайга шүгүр. Кудай ар бир нерсени бекеринен кылбайт. Мүмкүн, Кудай мага “эй, Алмаз, көзүңдү ач, мунун баарын көрүп ал, өзүңдүн каталарыңды өзүң оңдо” деп жатабы деген ойлор келип жатат.
- Ар бир адам муну башкача кылсам болмок экен, тигини мындай кылсам болмок экен деп өкүнөт эмеспи. Сиз эң көп кайсы кылган ишиңизге өкүнөсүз?
- Албетте, мен да адаммын, мен да пендемин, мен да адашам. Мүмкүн, башкалардан көбүрөөк адашам. Өзгөчө ушул кадр жагынан, адам жагынан, дос жагынан көп адашат экенмин. Адамдын ичин көрө албайт экенмин. Кыргыздын “жылкынын аласы тышында, адамдын аласы ичинде” деген макалы бар го. Көп ката кетирдим, көп адаштым. Бирок бир нерсе айтар элем, мен кандай кылсам да, эмне кылсам да, президент катары элим-жерим деп иштеп жаттым. 2011-жылдан баштап 2017-жылдын аягына чейин президент болуп иштедим. Ушакчылар, душмандар канчалык кыйкырса да, элдин турмушу ушул жылдар арасында кыйла эле оңолду. Шаарларды алсак, ошол эле Бишкектин ичинде машинанын саны 6-7 эсе көбөйүп кетиптир. Ош, Жалал-Абад, Талас болобу, Баткен, Нарын, Ысык-Көл болобу, бардык жерде элдин турмушу жаманбы-жакшыбы оңолуп калды. Элдин жарыгы бар, газы бар, жолдорун жаманбы-жакшыбы оңдоп кеттим. Бир топ жакшылыктар да болду. Менимче, кыргыздын духун да ойготуп кеттим. Көчмөндөр оюнун өткөргөнгө чейин кыргызмын деп мактанган эл азыраак болчу. Азыр биздин жарандар кадимкидей "кыргызмын" деп башын бийик көтөрүп калган. Ошондуктан эмне дээр элем, өзгөчө өкүнгөн нерсем, азыр мага өз айылымдан баштап, Баткен, Жалал-Абад, Ысык-Көл, Таластан бери бир топ аймактардан адамдар келип жатат. Алардын эң негизги нааразычылыгы “Сага ишенип, президенттикке көрсөткөн адамыңды колдосок, ушундай болуп жатат, өзүңө каршы иштеген Байсалов, Тербишалиев сыяктууларды көтөрүп жатат. Бизге мындай кордук кылып жатат” деп таарынычын, арманын айтып жатышат. Албетте, мен бул сөздөрдү угуп алып, абдан кайгырып, өкүнүп жатам. Эң чоң адашканым ушул президенттик шайлоо болду окшойт. Ошондуктан элимден бул катачылык, адашканым үчүн кечирим сурайм. Буюрса, мезгил бардыгын өз ордуна коёт.
- Биз азыр сиздин жаңы үйүңүздө отурабыз. Мына ушул аябай кооз, заңгыраган тамды кайсы акчасына салды дегендер да бар. Жадакалса, "Ала-Тоо" аянтындагы кызыл гранит таштарды уурдап келип, Кой-Таштын алдына жыйып алыптыр дегендер да бар. Буга эмне дейсиз? “Апрель” телеканалына интервью бергенден кийин сиздин байлыгыңызга кызыккандар арбыды. Буларга эмне деп жооп берет элеңиз?
- Үй, байлык маселесин көтөрүп жатканы менин угушумча, азыркы бийлик коңшу өлкөлөрдөн саясий технологдорду алып келиптир. Албетте, ар бир адамда караңгы сезимдер болот. Көпчүлүк адамдарда караңгы сезимдер ойгонбойт. Булар ошол көрө албастык, ичи тардык, саткынчылык сыяктуу караңгы сезимдерди ойготууга максат коюп жатышат. Убагында Максим Бакиев ошондой болчу, азыркылар да ушул жол менен баратат. Кээ бир адамдар, тилекке каршы, ишенип кетип жатат. Анткени бийлик күнү-түнү шыбап жатса, КТРден, ЭлТРден көрүп жатса, болбой эле көргөн-укканына ишенет экен да. Чындыгында, менин байлыгымды текшеребиз деп мына жакында “Азаттыктын” журналисттери Түркия, Измирге, Эгей деңизине чейин барып келишти. Эми мен убагында өзүмдүн эмгегим менен байыгам. Бишкекте бир нече чоң заводдор меники болчу. Майда-чүйдө ишканаларды айтпай эле коёюн. Ресторандан баштап чач-тарачканама чейин бар болчу. Чет элде да ишканаларым бар эле. Мисал катары, “Апрель” телеканалына Түркиядагы “Гүлжанлар” деген ишкананы айтып бербедим беле. Ошону барып карап келишти. Ошондо деле айткам, керек болсо 2002-жылы алган накталай акчам сомго которгондо 1 миллиард 900 миллион сомго жакын болгон. Жыл сайын ошончо акча алып жаткан адам, кээде андан азыраак да алчумун, албетте, бир жыл экинчи жылга төп келишпейт да. 1989-жылдан баштап 2005-жылдын сентябрына чейин бизнес менен алектенген адам ошончо жыл иштеп, тапкан акчасына өзүнө үй салса, бул дагы эми күнөө болуп эсептелеби? Мени текшергенден көрө, өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеп, миллиондогон акчага үй салып, миллиондогон акчаларга тойлорду өткөрүп, миллион турган Жиптерди минген адамдарды текшеришпейби? Менимче, ошолорду текшерсе башкача болмок.
Элдин көзүн такыр эле сокур кылгысы бар. Адал, өз эмгегиң менен тапкан акча менен уурдалган акчанын айырмасын жок кылып көрсөткүсү бар да. Ошол эле өмүр бою мамлекеттик кызматта иштеген, анан мультимиллионер болгон Келдибеков, Түлеев “Атамбаевди камаш керек” деп кыйкырып жатпайбы!.. Кимди камаш керек?! Мамлекеттен уурдап, миллионер болгондордубу? Мамлекеттен уурдаган акчасын ары-бери чачкандардыбы? Же өз эмгеги менен акча таап, өз ата-бабасынын конушуна үй салгандардыбы? Азыркы бийлик ошол уурулар, ушакчылар менен төп келип калыптыр. Колдогону да ошолор болуп жатпайбы, албетте, таң калдырат.
- Жакында “Азаттык” радиосу журналисттик иликтөө жасады. Бул боюнча сиз да айтып кеттиңиз. Ошол иликтөөдө Жазуучулар союзуна бөлүнгөн 50 миллион рублга сиздин тиешеңиз жок экени тууралуу маалыматты таратышты. Бул сөздөргө улуу жазуучубуз Айтматовду аралаштырып келишет. Чыңгыз Төрөкуловичтин бул окуяга кандай тиешеси бар?
- Чыңгыз Төрөкулович абдан ишенчээк адам болчу. Кээ бир ыплас адамдар - аларды адам деп айтыш кыйын, анын ишенчээктигинен колдонушчу. Ошол эле Жакшылыковго окшогондор Чыңгыз абабызга кирип, мени жамандап, мага душман кылууга бир топ эле аракет кылышкан. Бирок Чыңгыз Төрөкулович кыраакы адам болчу. Ал чындыкты көргөндөн кийин, тескерисинче, биз абдан жакын болуп калганбыз. 1995-жылы ошол эле Фининспекциясынын текшерүүсүнүн жыйынтыгы чыккандан, дагы башка нерселер болгондон кийин башка бир мамиле түзүлгөн. Эсимде, ошол 1995-жылы апамдын көзү өтүп кетип, күзгө маал ашын бергенбиз, Чыңгыз Төрөкулович өзү келип, куран окутуп, үйүмө да келип турчу. Жеңең Рая менен үйдөн тосчубуз. Чыңгыз Төрөкуловичтин көзү өтүп кеткенден кийин мүрзөсү бир топко чейин бүтпөй жатты. Эстеликтер коюлбай турду. Анан мен премьер болгондон кийин тыйын-тыпырын таап, биринчи ирет Бишкекке "Ала-Тоо" аянтына Манас атабыздын эстелигин койдурдум. Анан бетме-бет кылып туруп Чыңгыз Төрөкулович Айтматовдун эстелигин койдурбадымбы. Эстеликти өзүм тандадым. Мына, жакында Сооронбай Жээнбеков Москвадан Айтматовдун эстелигин ачып келди. Чындыгында ал эстеликти да “Бул жер парк экен, москвалыктар келип эс алат, башкача эстелик болсун” деп өзүм тандагам. Манас атабыздын Бишкектеги, Москвадагы эстеликтерин да өзүм тандагам. Анткени кыргыздар Манас, анан Айтматов деген эки ысымды туу тутушу керек. Мындай ыплас нерселерге алардын аттарын аралаштырбоо керек. Анан ушак кеп чындыкка окшоп калат деп айрым акмактар, тилекке каршы, ушундай адамдын да атын ушактарга кошуп жатат.
- Жакында Текебаев жөнүндө айткан сөзүңүз аябай талкуу жаратты. Айрым “ата мекенчилер” “Атамбаев Текебаевди каматканын моюнуна алды, өкүнүп жатат. Буга тез арада укук коргоо органдары чара көрүшү керек, реакция жасашы керек” деп чыгышты. Буга кандай жооп бересиз?
- Алмамбет (ред. Алмамбет Шыкмаматов - "Ата Мекен" фракциясынын лидери) орусчаны жакшы түшүнбөй ошентип бакылдап жатат окшойт. Ал жерде “мыйзам боюнча жаза туура эле колдонулган” деп ачык эле айтылды. Мүмкүн эмоцияга алдырып, толкунданып айттымбы. Текебаевден миллион алынганы жөнүндө жанында жүргөн Өмүрбек Абдырахманов жана башкалар бакылдап жүрүшпөйбү. Керек болсо, өз ара сүйлөшкөндө деле баары тең “бул чын” деп жатышат. Менин айтканымдын мааниси башка болчу. Мен күч органдарына мыйзам боюнча иштегиле деп айтчумун. Мыйзамды бузуп Текебаевди каматтырбай койсом болмок экен деген бир өкүнүч бар. Ким билет, мүмкүн, күч орган кызматкерлеринин деле таарынычы бар беле, бирок тескерисинче, “бул бир чети жаза да болот, экинчиден, Өмүрбек Чиркешовичти каарман кыласыңар” деп айткам. "Кудай өзү кечирсин" деп дагы бир жолу айтам, мыйзамды бузуп, каматтырбай эле койсом болмок окшойт. Бирок мыйзам боюнча чара туура колдонулган. Миллиондун алынганы чын.
- ЖЭБ маселесине токтолсок. Жылуулук электр борборун реконструкциялоодо анын наркы 2-3 эсеге көп көрсөтүлгөн деп жүрүшөт. Кээ бир депутаттар жадакалса, сиздин алдыңкы тарапташыңыз, оң колуңуз, азыр абакта жаткан Сапар Исаков 100 миллион доллар пара алып сиз менен бөлүшкөн деп да жүрүшөт. Буга сиз кандай жооп бересиз?
- Сөздүн башында жанагы үйдүн жанындагы гранит "Ала-Тоо" аянтынан уурдалган деген ушакка жооп бербей калыптырмын. Жакында декабрь-январь айларында Бишкекте абдан чоң мечит ачам. Үйдүн алдындагы гранитке окшогон граниттен ал жакка да кестиргем. Мечиттин алды бүт гранит, албетте, кыйла көп гранит кеткен. Ошондуктан мындай ыплас нерселерди тараткандар го саясатчылар, бирок айрым адамдар да ишенгенине кайгырасың. Мейли эми “калптын буту кыска” дегендей, көздөрү ачылат болуш керек.
ЖЭБ боюнча биринчи сандар менен жооп берейин. Бул таблицаны гезиттерге деле, сайттарга деле чыгаргам. Азыр гезит элдин баарына эле барбай калды. Интернет деле бардык жерде бар деп айта албайбыз. Мисалы, Бишкек ЖЭБинин наркы эки эсе жогорулатылган, миллиондор алынган деп жатышпайбы. Энергетиканы алсак, андагы ар бир салынган объектинин өздүк наркы бир мегаваттка карата алынат. Бир мегаваттка карата алынган нарктарды алсак, Бишкек ЖЭБинин бир МВт наркы - миллион доллар же 1,28. Эгерде Казакстандын Караганды ТЭЦ-4 дегенин алсак, 2,31. Бизде 1,28 болуп атат. Аларда мегаваттын баасы биздикинен эки эсе көп. Ошол эле Казакстандын Семей шаарындагы ТЭЦ-3тү ала турган болсок, 2,88. Бизде 1,28. Биздикине салыштырмалуу 2,5 эсе кымбат болуп жатат. Өзбекстанда Туура-Кургандыкы арзан деп айтышат. Туура, аныкы арзан. Биз да таң калып, биринчи сандардан адашып да кетип, анан жакшылап карасак, Туура-Курганда салынып жаткан ТЭЦ жарандарга жылуулук, ысык суу бербейт экен. Ошол себептен арзан. Душанбе ТЭЦин да айтып жатышат. Аны да, Бишкектегини да TBEA салган. Бишкекте 1,28 болсо, Душанбеде 1,32. Бул жакта бир эле этапты көрсөтүп, оюн кылып жатышат. Биринчи этап - 349 миллион доллар, экинчи этап - 180 миллион доллар. Кошуп туруп, анан кубаттуулугу 400 мегаватт, ошондо 1,32 болот. Бизде 1,28 болсо, Душанбеде 1,32 болуп окшошуп жатпайбы. Душанбеде TBEA “бул өтө эле арзан, мындай наркка сала албайбыз” деп соодалашкан окшойт, акчасынан башка Тажикстандын чоңдору TBEA'га эки алтын кен берген. Ал кендердеги алтындын көлөмү 130-160 тоннага чейин дейт. Башкача айтканда, эки "Жер-Үй" да. Биздикиндей нарк менен салып, андан тышкары 2 "Жер-Үйдү" берип жатат да. Ойлосоңор, мен Кыргыз өлкөсүндө төлөнгөн акчанын үстүнө эки "Жер-Үй эмес, жарым "Жер-Үй" берсем, мени кыргыздар жеп салышпайбы. Каяктагы 100 миллион доллар? Каяктагы үстүнөн акча? Анан чын эле Сапар Исаков 100 миллион доллар алса таң калат экенсиң. Мен азыр анын үй-бүлөсүнүн абалын билем да. Мына, Сапар иштеп жаткан кезинде деле инимдей көрүп жардам берчүмүн. Азыр деле үй-бүлөсү менен кабарлашып турам. Жакында эле келинчеги Малика келип кетти. Кичине жардам бердим. Абалы башка да...
Менин душмандарымдын мага каршы бир эле куралы бар, ал ушак. Ушактан башка бир да куралы жок. Бирок эртели-кеч чындык чыгат. Балким, ЖЭБ курулуп жатканда кимдир-бирөөлөр уурдагандыр. Бизде, кыргыздарда аткаминерлер, чоңдор уурдамайын тура албайт экен. “Шайтандын чоңунан кичинеси” дегендей, кычкач деп ичинде 10-11 инструменти бар жанагы эки комплектини бирөө ала койгон экен, мүмкүн, дагы бир жерден уурдаган. Бирок эми Сапар Исаковдун эмне күнөөсү бар? Сапар Исаков TBEAнын кызыкчылыгын коргогон деп жатышат. Кытай элчилигинен келген кат бар, ал бүт депутаттарга таратылган. Аны Жээнбеков биринчи кезекте өзү билет. Ошол каттын бир үзүндүсүн окуп берейин. Орусча жазылып, Кытай элчилигинин соода-экономикалык маселелери боюнча кеңешчисинен келген, анткени бул маселеге ошол кеңешчи жооп берет: “Компания TBEA утверждена единственным исполнителем данного проекта на уровне Правительства КНР”. Кытай өкмөтүнүн деңгээлинде чечилген дейт. Кытай өкмөтү бул долбоорду TBEA жүзөгө ашырат деп бизге кат берип жатса, Сапар Исаков эмес, президент Атамбаев эч нерсе кыла албайт да. Акчаны берген, насыяны берген мамлекет “ушундай чечтик” деди.
- Чолпон-Атада ат майдан салынды, Бишкекте Тарых музейи реконструкциядан өттү. Ушул долбоорлордо дагы эбегейсиз акчалар желген деп келишет. Ушул чынбы?
- Биринчиден, элге дагы бир жолу түшүндүрүп кетейин, бир топ ушундай долбоорлор - Тарых музейи болобу, ат майдан болобу, керек болсо 1916-жылкы Үркүндүн курмандыктарынын мемориалы гранттык акчанын эсебинен салынган. Ал гранттык акчалар бизге келип, бюджетке тапшырылып, андан ары ушундай долбоорлорго, үйлөргө кеткен. Демек, кыргыз элине, Кыргыз мамлекетинин бюджетине бир тыйын турган жок. Экинчиден, мүмкүн бир долбоордон бир прораб бирдеме уурдады же башка бирөө бирдеме уурдап алды. Тапсын, керек болсо камасын. Бирок долбоорлордо эмне күнөө? Мисалы, Тарых музейинин биринчи бөлүгүнүн акчасын түрк бир туугандар бөлүп берген, аларга рахмат. ТИКА аркылуу салгандыктан, Түрк өкмөтү акчаны ТИКАга түздөн-түз өздөрү төлөчү. Анан түрктөр мага учак, "Себат" боюнча таарынганда акча бергенди токтотуп, калган каражатты Орусиянын президенти Владимир Путинден сурап алгам. Ошентип Тарых музейи бүткөрүлгөн. Болгондо да Тарых музейинин реконструкциясын Лувр, Эрмитажды жасаган дүйнөдөгү эң атактуу фирма ишке ашырды. Эмнеге кыргыздардын музейи Лувр же Эрмитаждан кем болушу керек?! 2011-2012-жылы келген чет элдик коноктор мага “Тарых музейиңерге барсак Ленин тосуп алат" деп айтчу. Мен ошондо абдан намыстангам. Ошол кезде Тарых музейине барып көрсөң, кире беришинде эле Ленин турчу, шыбынын баары ошондой эле сүрөттөр, анан тарыхыңар жок окшойт дегенде арданчумун. Анткени бул региондо эң байыркы эл - кыргыздар. Анан Тарых музейибиз кантип ушундай болсун деп Тайип бейден (ред. Режеп Тайип Эрдоган - Түркиянын президенти), Путинден суранып атып, эптеп реконструкциясын бүтүргөм. Анан бир вице-премьер кирип “шикарный музей” деп айтыптыр го. Чындыгында эле музей укмуш жасалгаланган. Азыр эми булар музейди ачууну созуп жатышат. Ачса, барганда элди Лениндин ордуна Манас ата тосуп алат. Эми барсак, накта кыргыздын Тарых музейине баргандай болобуз. Манас атабыз тосуп алып, анын сөздөрүн кулагың менен эшитесиң. Акчаны чет элден таап келип, ушундай долбоорлорду бекер жасатып берсем, буларды да шыбатып жатат. Мисалы, сага бирөө келип үй салып берсе, ашканасын салып берсе, жанына бир кафе салып берсе, мүмкүн салып жатканда прораб уурдайт, прорабдын жазасын бергиле. Бирок мен мына кыргыз эли деп акчасын таап салдырып бердим. Азыркылар түшүнбөсө да, кийинки муун рахмат деп айтат, көрөсүң. Анткени “мурасыңызды жок кылганга аракет кылып жатат” деп айтып жатпайсыңбы. Мунун баары, Тарых музейи да, ат майдан да, Ата-Бейиттеги мемориалдар да калат. Манас атанын, Чыңгыз Айтматовдун эстеликтери калат. Алардын деле акчасын мен тапкам. 2010-жылдан баштап акча маселеси менде болчу, ал кезде премьер болчумун. Андан тышкары, бардык жерде бирдеме салдырып кеткем.
Акыркы кезде “Таластын театрын салып атканда Атамбаев берген 45 миллиондон уурдалыптыр” деп чуу чыгып жатат. Мен театр бүтсүн деп акчаны бөлүп бердим да, бирөө уурдасын деп бериптирминби?! Бирөө уурдаса, камаш керек. Бирок азыркы бийликке таң каласың. Мен Сооронбай Жээнбековду уксам, эч нерсе кылбай эле азыркыдай отурушум керек экен да. Эми буларга го жыргал, орустардан жарым миллиард доллар алып келип, фонд ачып койгом, ишканалар ачыла берет. Жээнбеков барып, ишканалардын лентасын кесе берет. Менин мезгилим болсо, башка болчу: тыйын да жок, свет да, жол да жок. Элде ишенич да жок. Кайра-кайра эле төңкөрүш кылабыз дегендер Ак Үйгө секирет. Башка заман болчу да. Эми муну деле Кудайга коёлу. Мезгил бардыгын өз ордуна коёт.
- Быйыл мен чынын айтсам көп адамдарга, көп нерселерге таң калдым. Алар позициясын бир сааттын ичинде өзгөртүп салышат экен. Бүгүн бирди айтса, эртең башканы айтып калышат экен. Сиз дагы быйыл эки жүздүү адамдарга таң калсаңыз керек?
- Мен негизи эки жүздүү адамдарды бир топ эле көргөм. Өзгөчө аткаминерлерде бат эле сатып кетмей бар. Мен муну 2000-жылы, 2004-2005-жылдары, жадакалса 2008-2009-жылдары деле көргөм. Бирок болбой эле кайра таң калат экенсиң. Өзгөчө мени таң калтырганы, “биринчи - Кудай, андан кийин - сиз” деп 24 жыл жанымда дос болумуш болуп жүргөн адам мага ушундай душман болуп чыгып келсе, ушундай душманчылык кылып жатса... Менимче, бул деле убактылуу нерсе. Анткени ошол эле адамдар мага "мен сиз кылган жакшылыкты унутсам, Кудай урсун" деп айтчу да. Ошондуктан бир күнү баарын Кудай урат го, Кудайга эле коёлу. Бул да өтөт. Мындай күндөрдү убагында далай көргөм. Бирок мени саткандарды кечирип койчумун. Мурмункулов болобу, Жээнбеков болобу, башкасы болобу... Бирок бир саткан адам сөзсүз кайра сатат экен. Кечирип коюш керек. Өстүргөнүм, колдогонум туура эмес болуп калды.
- Президенттикке талапкерлерди тандоодо Сооронбай Жээнбековго токтолдуңуз эле. Кээ бирөөлөр “Атамбаев “Жээнбеков жоош, аны башкарып алуу оңой” деп үмүттөнгөн” деп жатышат. Ушуга кандай деп жооп берет элеңиз?
- Биздин партия президенттикке талапкер кылып кимди алып чыгабыз дегенде, мен элдин ынтымагы, биримдиги үчүн түштүктөн бир талапкер алып чыгалы деп ойлогом. Түштүктү ойлоп баштаганда, 2017-жылдын башында акылыма ушул Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков эле келди. Бир жылдан бери эмнеге адаштым деп ойлонуп жатам, анан эстесем, түштүктөгү кадрлар боюнча толугу менен Сооронбай Жээнбековго ишенчүмүн. Эски досум деп ишенчүмүн. Анан жакшылап ойлонсом, бир да түштүктүн кадры боюнча мага жакшы сөз айтпаптыр. Мен да ишенчүмүн да, ошондуктан, түштүктөн бирөөнү тандайбыз дегенде болгону Сооронбай Жээнбеков менен Асылбек Жээнбеков акылыма келиптир. Албетте, бул менин чоң катам. Бир адамга ишенген - бул менин күнөөм. Албетте, президент кезимде, андан мурун деле кадр маселесине жакшылап көңүл бурсам болмок экен. Сатты беле, саткан жок беле, кандай жүрөт деп ойлонсом болмок экен. Мага бир топ маалыматтар, ошол кездеги маалыматтар эми жетип жатат. Тилекке каршы, жанымдагы ишенген адамдарым дагы мага бир топ маалыматтарды жеткирчү эмес экен.
- Үч жыл мурун Дача-СУда учак кулады эле, адамдардын өмүрү кыйылды. Анан ошол учактын ичиндеги жүк Атамбаевге таандык болчу. Ага таандык болбосо, жубайы Раиса Атамбаевага таандык болчу деп сизди күнөөлөп келишет. Ошол чынбы?
- Бул ушакты ким таратып, ким жайганын сен билесиң. Бул учакта Раиса Атамбаеванын алтыны, бриллианты, жүгү болгон деп айтып чыгышкан. Бул ушак биздин үй-бүлө үчүн оор болду. Мен ушактарга көнгөм. Жеңең мындайларга көнө элек болчу. Ошол ушак дүңгүрөп жаткан кезде, бир депутатыбыз, ачыгын айтканда Текебаев ушакты таратып, операция “Гремучая змея” деп урдуруп жатканда, Рая кадимкидей катуу ооруп калган. Алты ай тамчылатма дары менен уктаган. Жаныңда жаткан өмүрлүк жарың тамчылатма дары алып жатса кыйын экен. Бул ушак болгондо да, эң жаман ушактардын бири. Анткени ошол учакта Атамбаевдин же үй-бүлөсүнүн бир грамм жүгү болсо ушул убакка чейин чыкмак. Учак түрктүкү болчу. Түркия - НАТОнун мүчөсү. Ал кезекте түрктөр мага таарынып жаткан кези болчу. Бир жылдан бери деле мына азыркы бийлик, ошол эле Жээнбековдор менин үстүмөн бир нерсе таппай жатат. Бир нерсе болсо чукуп чыкмак. Бирок таң каласың, ошол ушак тараткандар эч кимиси уялып да койгон жок. Азыркыга чейин өзүнчө каарман болуп жүрүшөт. Ушак деген негизи уят нерсе. Бизде, мусулмандарда хадистерде “ушак таратуу - өзүңдүн бир тууганыңдын өлгөн денесин жегенге барабар” деп айтылган. Ушундайга баргандар башка ушактарды таратып, дагы эле жүрүшөт. Таң каласың. Эмне дейсиң, буларды деле айла жок Кудайга эле коюп жатабыз.
- Сиз эмоционалдуу президент болдуңуз. Бетке балп айттыңыз, кээде орой эле сүйлөп салчусуз. Анан сиздин кээ бир саясий оппоненттериңиз “Атамбаев ушул терс мүнөзүнүн айынан башка мамлекеттер менен мамилени бузду, казактар, түрктөр менен урушту” деп сизди күнөөлөп келишет. Буга кандай жооп бересиз, эмнеге мындай кадамдарга барчу элеңиз?
- Мени Кудай чынында ошондой жаратып коюптур. Болгонун болгондой балп этип айтып коём. Аным бар. Акты ак, караны кара деп коём. Менде тымпыйып, колтугумда котур ташты алып жүрүү сапаты жок. Болгонун болгондой айтам.
Назарбаев, Казакстан боюнча айтсак, билесиң, президенттик шайлоо башталып калган. Ошол кезде коңшубуз президент Назарбаев талапкердин бирин чакырып алып, ачык эле колдоп жатпайбы?! Мына азыр ушундай башка бир мамлекеттин колдоосу болгон деп Америкада, Европада кандай чуу чатактар чыгып жатканын билесиң. Кээ бир адамдарды “муну орус колдогон” деп каматып жатат. Бул жакта ачык эле бир тараптуу кыргыз элине бир талапкерди таңуулап жатса... Биз эгемендүү мамлекетпиз. Туура, биз Казакстандай бай эмеспиз. Казакстандай чоң эмеспиз. Бирок биз эгемендүү мамлекетпиз да. Биз, өзүбүздү өзүбүз сыйлабасак, бизди ким сыйлайт? Мен ошондо эле кылганым өзүмө терс таасир этерин билгем. Бирок Кыргызстандын келечеги үчүн, Кыргызстанда мындан ары парламенттик шайлоо болобу, президенттик шайлоо болобу, тыштан бирөө кийлигишпесин деп мындай кадамга баргам. Өкүнбөйм, ачык айтайын. Кыргыздарда деле бир күнү намыс ойгонот. Намыстуу болуш керек. Туура, биз коңшуларга караганда бай эмеспиз. Бирок биз, эң байыркы элбиз. Намыс дегенди бийик кармаш керек да. Намыстуу эл болуш керек. Намысты сакташ керек.
Анан Түркия боюнча алсак, мен бир орой же жаман сөз айткан жокмун. Болгонун болгондой айттым. Түрктөр мага эмнеге таарынды? Биринчиден, билесиң ошол кезде түрктөр орустун самолётун ракета менен атып түшүргөн. Кийин чоң чуу болгондо, мен бул чоң катачылык болду, туура эмес болду түрк тарабынан деп айттым. Ошондо, мага Атамбаев орустарга болушуп атат деп катуу таарынышты. Бирок алты ай өтпөй өзүлөрү туура эмес кылыптырбыз деп, керек болсо, орустардан кечирим сурады. Экинчи таарынычын билесиң. Түрктөрдүн тышкы иштер министри “Себат” мектептеринде террористтерди даярдап жатат, баарын жабыш керек" деп бакылдап чыкканынан, мен “Бул биздин мектептер, террористтерди даярдап жатабы, башкаларды даярдап жатабы, өзүбүз тактап билебиз” деп “Себат” мектептерин жаптырбай койгом. Бирок ошол эле “Себаттын” чоңдоруна сүйлөшүп туруп, “Себаттын” атын “Сапат” кылып өзгөртүп, мүлкүнүн 30 пайызын биздин Билим берүү министрлигине алып бердим. Бирок аны да ошол кезде түрктөр “бул жетиштүү эмес” деп кабыл алган эмес. Бирок быйыл күзүндө келгенде “туура болуптур” деп кабыл албадыбы. Жасаган иш - меники. Ошондуктан эмне дээр элем. Мен өзгөчө ушундай ушактарды урматтуу Тайип Эрдоганга жеткирип, ишендиргенине өкүнөм да. Мисалы, “Түркияда көңтөрүлүш болгондо Атамбаев колдогон жок” деп жеткиришти. Түркияда төңкөрүлүш болгондо, эң биринчи “бул туура эмес, Эрдоганды колдойбуз” деп мен айткам. Бишкекте ошондо саат 11, Түркияда саат 8 болчу. Саат 11де эч ким колдобой күтүп турганда биз колдоп чыкканбыз. Ошол кездеги сайттарды көтөрсөк болот. Анан кийин менин кайгырып жатканым, мен Тайип бейдин көп жакшылыгын көрдүм, Кыргызстан дагы көрдү. Мына түрктөр менен мамилени бузду дейт, мен түрктөр менен мамилени оңдогом. Мага чейин түрктөргө 50 миллион долларлык насыя үчүн өкүртө пайыздарын төлөчүбүз. Мен премьер, президент болгондон кийин түрк тарап менен мамилени оңдоп туруп, ошол кредиттерди кечтирбедимби. 50 миллион долларды мен кечтиргем! Ошол эле Тайип бейден Кыргызстан үчүн, Тарых музейи үчүн, Ыйман фонду үчүн эки-үч грант алдык. Ушул жерден ачык айтайын, менин өзүмө да жардам берген.
- “Атамбаевге иш козголуп, камалыш керек, кол тийбестик алынышы зарыл” деп сиздин кээ бир саясий оппоненттериңиз айтып жатат. Буга кандай карайсыз?
- Ачыгын айтсак, бул демилге Сооронбай Жээнбеков менен бир туугандарына таандык. Мен аны билем. Эми, буга мен эмне дээр элем. Бир топ мурун деле, мени “кетиребиз, каматабыз, жоготобуз” дегендер болгон. Бирок кыргыздын бир сөзү бар "иттин кожоюну болсо, кабыландын Кудайы бар”. Ошондуктан бардыгын Кудай чечет.
- 24-ноябрда курултай өттү. Анан ошол курултайга сиздин эски санаалаштарыңыз, “Атамбаев Жээнбековду иштетпей жатат, анан да курултайга чакырсак коркуп келбей койду” деп сизди күнөөлөп жатышат. Буга сиз кандай дейсиз?
- Биринчиден, коркуп келбей койду дегени калп. Анткени, мен коркуп эмес, жийиркенип эле барган жокмун, ачык айтайын. Жийиркенип барбаган жалгыз мен эмесмин. Анткени курултайды өткөрүп аткандар кимдер? Уюштуруучу комитеттин төрагасы - Кеңешбек Дүйшөбаев. Бул Дүйшөбаевди президент болорум менен иштен айдагам. Анткени Апрель революциясына чейин тамекиге, пирожкиге акча сурап жүргөн Дүйшөбаев азыр карап көргүлөчү канча мүлкү бар. Бир тарапта Апрель, Июнь окуясында күнөөсүз балдар өлүп жатса, бир тарапта Дүйшөбаевге окшогондор мультимиллионер болбодубу. Эми булардан жийиркениш керек да. Булардан алыс туруш керек. Анан туура, жанагы морадёрлук, банк ячейкалар жана башкалары чыкканда мен бир топ эски санаалаштардан кол үзгөм. Анткени мен таза адаммын. Булар болсо ыплас адамдар.
Экинчиден, Атамбаев Сооронбай Жээнбековду иштетпей жатат дегендерге айтат элем, Сооронбай Жээнбеков азыр каалаганын кылып жатпайбы. Бир мисал келтирейин, көзгө ак менен карадай көрүнөт. Орус паспорту бар деп Кубанычбек Кулматовду камап салышты. Паспорту жок. Ошол эле орус паспорттун ээси болгон Сарыбашов Оштун мэри болуп отурат. Иштетпей жатат деген бул, албетте, калп.
- Ошол эле курултайдын уюштуруучуларынын бири Азимбек Бекназаров доклад жасап жатып, “Сооронбай Жээнбеков ары жагымсыз, ары чечкиндүү кадамдардын бирин жасады. Ал кадам аны президенттикке сунуштаган жана түздөн-түз колдогон экс-президент Алмазбек Атамбаевдин таасиринен биротоло бошонду” дейт. Азимбек Бекназаров Жээнбековдун бир жылдык жасаган ишинин эң башкы жетишкендиги катары сыпаттады. Буга сиз кандай карайсыз?
- Азимбектер сүйүнүп жатканын жазында эле байкагам. Анткени булардын ою орундалды. Булардын ою кандай болчу? Сооронбай Жээнбеков менен Атамбаевди чабыштырып коюп, бир балээ болуп кетсе, биз дагы кур калбайбыз деп жатат да. Анткени убагында бир жолу айткам. Азыр деле кайталап коёюн, Азимбектер кузгундарга окшош. Куркулдап бир балээ болуп кетсе экен деп турат. Анткени бир балээ болуп кетсе, кан төгүлсө, Кудай сактасын, жамандык болсо, мына Аксы окуясы болобу, 2005-жылкы март революциясы болобу, Апрель революциясы болобу элге кыйынчылыктар болот. Азимбек, Дүйшебаевдер пайдасын көрөт, акчасын табат. Ошондуктан чындыгында Сооронбай Жээнбеков мени душман кылып, асылгандан Кыргызстанга эмне пайда? Ынтымак кетип баратат, эл аз-аздан бөлүнүп баратат. А бирок бул кузгундарга майрам да. Анткени куркулдап "бир балээ болуп кетсе, биз кайрадан пайда табабыз кызматка жетишебиз же акча табабыз" деп, булардын тилеги ушундай. Тилекке каршы, булардын оюнуна Сооронбай Жээнбеков да кирип кетти. Ээрчип кетти. Бул, албетте, жетишкендик эмес, бул тынч, татынакай жаткан Кыргызстанды кайсы жакка алып барат? Жөн жерден чатак чыгаруу - бул жакшы эмес. Бизге эң негизги байлык, өзүң билесиң, Кыргызстанга акыркы жылдары тынччылык, ынтымак келген. Эл биригип калган. Ошону сакташ керек болчу.
- Нариман Түлеев боюнча суроо бергим келип жатат. Аны менен Москвага бирге учуптурсуз. Анан Түлеев бирге түшкөн сүрөттү жарыялады. Бирок өкүнүп калды окшойт, актанды, анан артыңыздан ар кандай сөздөрдү сүйлөдү. Буга кандай жооп бересиз?
- Самолётко отурсам, артымда бирөө бакылдап жаткан. Карасам, Түлеев экен. Анан кел деп ишарат кылдым. Келип жаныма отур десем отурду. Бакылдабай арманың болсо айт десем, үч саат арманын төгүп айтып жатты. Эми ал айткан сөздөрдү айтсам өзү ыңгайсыз болгону турат. Бир чети Нариманды аяп да жатам. Эмне дээр элем, бирок эми калп айткан жагынан барон Мюнхаузенден да ашып кетиптир. Аман эле болсун.
- Азыр КСДПны тартып алуу аракеттери көрүлүп жатпайбы. Бул айдан ачык эле көрүнүп калды. Сагынбек Абдрахманов “партияны уурулардан тазалайм, гүлдөтөм, жыргатам” деп жүрөт. Сиздин тарапташтарыңыз ал топту “алсыздаган арстанга чөөлөрдүн асылышы” деп жүрөт. Сиз буга кандай комментарий бересиз, кырдаалга кандай ойдосуз?
- Буларды чөөлөргө тарапташтарым салыштырган жок, бул калыс айтылган сөз. Бул калыс сөздү Адахан Мадумаров айткан. Бирок накта айтыптыр да. Анткени булар чындап эле карасам чөөлөрдүн эле өзү. Болгондо да, кутурган чөөлөр. Кечээ күнү башка партияда жүргөн Данияр Тербишалиев жүрөт, партиядан айдалган Сагынбек жүрөт. Булар биздин партияга асылбай эле “Кыргызстан кутурган чөөлөр” партиясын ачып алса туура болмок. Биз билебиз, мына мамлекеттик органдар, УКМК баш болуп жардам берип жатышат. Бирок бир нерсеге таң калам, макул, мени душман кылып жок кылайын деп жатсаңар, Жээнбековдор, КСДПнын аркасы менен көгөргөнсүңөр да?! КСДПнын арты менен Асылбек Жээнбеков үч жолу депутат болгон, эки жолу спикер болгон. КСДПнын арты менен Сооронбай Жээнбеков президенттикке чыккан. Президент да болду. Негизи булар Кудайдан такыр коркпойт экен. Бирок Кудай бар, күтүп туралы. Бул чөөлөр үчүн деле уят менен бүтөт. Анткени саткындар, ушакчылар, чөөлөр Кыргызстандын тарыхында далай болгон. Тарыхта андайлар кара тамгалар менен калат. Кыргыздар башка эл, саткындарга, чөөлөргө убактылуу алданат, бирок бирок көпкө алданбайт. Күтө туралы.
- Азыркы коррупция менен болгон күрөшкө сиз кандай баа бересиз? Себеби 2012-жылы коррупция менен күрөшөм деп сиз да өз ишиңизди баштадыңыз эле. Сиз коррупция менен күрөштүңүзбү же күрөш азыр башталып жатабы?
- Эми мен эки эле мисал келтирейин. Мен күрөштү баштаганда, бюджет абдан тартыш болчу, мамлекеттин киреше бөлүгүнүн көбүн бажы берет. Ошондуктан 2010-жылдын жайында бажыга Кубанычбек Кулматовду алып баргам. Кулматов үч жылдын ичинде кирешени үч эсеге көбөйткөн. Бул биринчи мисал. Экинчи мисал, мына өткөн жылы дээрлик декабрга чейин мен президент болдум, мен дайындаган күч орган кызматкерлери жыл аягына чейин иштеди. Өткөн жылы коррупция менен күрөшүүнүн натыйжасында бюджетке 8,5 миллиард сом өткөрүлгөн. Эми мына азыр 11 ай өттү. Өкмөттүн атайын депозиттик эсебине жылдын башынан тартып, 6-декабрга чейин 701 миллион сом түшүптүр. Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматы 11 айда 3 миллиард 251 миллион сом кайтарып бериптир. Муну кошсок 3 миллиард 953 миллион сом болуп атат. Макул 4 миллиард дейли. Өткөн жылы бакылдабай-сакылдабай эле Атамбаевдин командасы 8,5 миллиард сом өткөрүп берген. Бирок булар элди алдап жатат, булар бакылдаса, эл да ишенип жатат. Бирок 8,5 миллиард сом Атамбаевдин командасыныкы жана 11 айда 4 миллиард, макул 12 айда 4,5 миллиард болсун, эки эсе азайып жатпайбы. Мына цифраларды алсак, жыйынтык ушундай. Чындыгында коррупция менен күрөшүү эки эсе азайып жатпайбы. Анткени азыркы бийлик, ошол эле Асылбек Жээнбековду тойлордо ким менен жүргөнүн көрүп жатабыз Раим миллион, Ахматбек Келдибеков жана башкалар. Булар коррупция менен күрөшүп жатабыз деп коюп, тескерисинче, коррупционерлерди бажыга, салык кызматына, бардык органдарга алып келүүдө. Керек болсо УКМКда дагы ошондой кырдаал деп угуп жатам. Ошондуктан бул эч кандай коррупция менен күрөшүү эмес. Бул көз боёмочулук, элди алдоо. Ошондуктан азыр бюджет дагы тартыш болуп жатат.
- Жакында Жээнбековдун шайлоо компаниясынын кара бухгалтериясынын кагаздары элге тарап кетти. Сиз да аны чын деп айттыңыз, тарапташтарыңыз да чын деп айтты. Адахан Мадумаров да ишенерин айтты. Бир маселени ушул маалыматтар Сооронбай Жээнбековдун легитимдүүлүгүнө чоң доо кетирет деп белгилеп өттү. Ушуга кандай дейсиз?
- Чындыгында Адахан туура айтып жатат. Мен Кылмыш-жаза кодексинин бир статьясын окуп берейин. 140-статья, 2-берене: Талапкердин шайлоо фондунун финансылык, материалдык колдоо каражаттарынан тышкары ири өлчөмдөгү каражаттарды пайдалануу - эсептик көрсөткүчүнөн 10 миң - 20 миң өлчөмүнө чейин айып салуу же белгилүү кызмат орундарын ээлөө, белгилүү ишмердик менен алектенүү укугунан үч жылдан беш жылдык мөөнөткө ажыратууга же үч жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратууга жазаланат. Эми фонддон эки миллион доллар көрсөткөнү менен, бул калп экенин баарыбыз эле билип жатабыз. Кылмыш-жаза кодексинде ачык жазылып турат, талапкер фондуна көрсөткөн өлчөмүнөн тышкары акча жумшаса, президенттик эмес, жөнөкөй мамлекеттик кызматка иштөө укугунан ажыратылат. Беш жылга. Андан тышкары, керек болсо сот чечсе үч жылга чейи