Депутат Момбеков: "Манас" аэропортуна 2 күндө 3 директор дайындалганын түшүнбөй жатам"

"Манас" аэропортуна 2 күндө 3 директор дайындалганын түшүнбөй жатам" деп бүгүн, 11-декабрда Жогорку Кеңештин комитет жыйынында депутат Рыскелди Момбеков билдирди.

Ал өкмөт өкүлдөрүнөн бул эмне деген саясат экенин сурады.

"Манас" аэропортунун директору кызматына Абдималик Бусурмакулов келди деген маалымат чыкты. Ал президенттин жердеши экен деген ызы-чуу чыгып, андан кийин Мирлан Бегалиевди алып келдиңер, аны болсо крим чөйрөсүнө тиешелүү деген маалыматтар айтылды. Мындан кийин үчүнчү директорду Нурлан Акматовду алып келдиңер. Бул эмне деген саясат?" - деп сурады депутат.

Абдималик Бусурманкулов бул тармакта 22 жылдан бери иштей турганын айтты. Ал бул жерде эч кандай жердешчилик жок экендигин билдирди.

Момбеков: "Бул жерде мен сиздин кесипкөйлүгүңүз тууралуу эч нерсе айтып жаткан жокмун. Мен канча жыл иштегениңизди билем", - дейт.

Бусурманкулов: "Маалымат каражаттары өкмөттүн аппарат башчысы Эмилбек Бусурманкулов менин агам деген калп маалыматты таратышты. Ал менин иним болот. Мен аэропортто иштеп жатканда ал студент болчу", - деди.

Мамлекеттик мүлктү башкаруу фондунун төрагасынын орун басары Бекболот Алиев Бусурманкулов Эмир Чукуев кызматтан кеткенде директордун убактылуу милдетин аткарып жатканын айтты. "Ал эми Мирлан Бегалиев тууралуу сөз дагы болгон эмес. Бул маалыматтарды төгүндөп, сайтыбызга жарыялаганбыз", - дейт Алиев.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан