Президент Коопсуздук кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрөт

Президент Сооронбай Жээнбеков Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрөт. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн таратышты.

Маалыматка караганда, иш-чара 14-декабрда өтөт.

"Азырынча сааты айтыла элек. Жыйынга журналисттер киргизилбей да калышы мүмкүн", - деди президенттик аппараттан.

Коопсуздук кеңешинин бул жолку жыйыны "Кыргыз Республикасында санарипти өнүктүрүү боюнча чаралар жөнүндө" деген темага арналат.

Жээнбеков президент катары төрагалык кылган Коопсуздук кеңешинин алгачкы жыйыны ушул жылдын 8-февралында өткөрүлгөн. Анда сот, укук коргоо жана көзөмөл органдарындагы коррупцияга каршы күрөшү боюнча маселе каралган.

Жыйынтыгында 45 иш-чарадан турган чечим кабыл алынган. Анын ичинде ошол убакытка чейин токтотулган жана кыскартылган кылмыш иштерин кайрадан карап чыгуу, коррупцияга каршы күрөштү күчөтүү өңдүү чаралар камтылган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан