ЭЛДИК КАБАР: "Сокулукта саркынды суулар топтолуучу кудук тазаланбай, заң аралаш суунун баары сыртка агууда" дейт окурман

"Сокулуктагы Черёмушки районундагы Мичурин көчөсүнүн №2-үйүндө саркынды суулар агуучу кудук сордурулбай, заң, кир суунун баары сыртка агып чыгып жатат". Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.

"Аталган үйдүн алдында канализацияга аккан саркынды, заң аралаш суулар топтолуучу кудук бар. Аны жергиликтүү бийлик келип сордуруп кете элегине 3-4 айдан ашты. Бул жерде балдар ойнойт, жашоочулар ары-бери баса албай калды. Тебелеп алып кайра үйгө кирип же балдар бул жерге жакын ойноп жүрүшкөндө ар кандай жугуштуу оорулардын да жугуу коркунучу бар. Бир нече ирет техникаңар менен келип тазалатып, сордуруп бергиле деп бийликке кайрылганбыз. Бирок көңүл бурган эч ким жок", - дейт окурман.

Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.

Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.

Сокулукта эл жашаган үйдөн чыккан заң канализациядан ашып атат
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан