Мамлекеттик циркте коюлган оюндарга кирүү көйгөй жаратат. Анда балдар 1 орундукка эки-үчтөн тыгылып отуруп көрүшөт. Мындай маалыматты окурман "ЭЛДИК КАБАРГА" билдирди.
"Бүгүн Бишкектеги Мамлекеттик циркте Чыңгыз Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чара өттү. Анда мектеп окуучуларына 200 сомдон билет сатылган. Мен да инимди алып оюн көрсөтөйүн деп билет сатып алып баргам. Жалпы чектелген орундар 1850 болсо, манежди тегеректеп 2 жарым миңдей киши жүрөт. Уюштуруучулар бейкапар "1 орунга үчтөн отургула, чоңдор балдарды алдыңарга алып отургула" деп микрофон менен кыйкырып жатышат. Эмне үчүн мен эки кишиге билет алышым керек дагы, инимди алдыма алып отуруп көрүшүм керек? Акчанын артынан чуркаган жетекчиликтин айынан балдар ыңгайлуу отуруп оюн көрө алышпайт", - дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.