Депутат Алмазбек Баатырбеков: "Мен "Бабанов саясатка кайтсын" деп аны колдогон адам эмесмин"

Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берип жатып Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши жабылышы керек деген оюн айтты. Белгилүү болгондой, президенттикке талапкерлигин койгон Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайткан эмес. Кийин ал саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.

SUPER.KG порталынын "Өмүрбек Бабанов саясатка кайтышы керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков жооп берди.

Ал Бабановдун “саясаттан кетем” дегени өзүнүн чечими болгонун айтты.

“Бабанов өзү “саясаттан кетем” деп жатса, биз эмнеге ал саясатка кайтышы керек деп айтмак элек? Саясатка кайтуу же кайтпоо - ал адамдын өзүнүн чечими. Ал өзү “саясатка кайтпайм” деген. Мен "Бабанов саясатка кайтсын" деп, аны колдогон адам эмесмин”, - дейт Баатырбеков.

Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев, саясат таануучулар Даниел Кадырбеков, Игорь Шестаков, Жолборс Жоробеков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан