Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берип жатып Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши жабылышы керек деген оюн айтты. Белгилүү болгондой, президенттикке талапкерлигин койгон Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайткан эмес. Кийин ал саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.
SUPER.KG порталынын "Өмүрбек Бабанов саясатка кайтышы керекпи?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев жооп берди.
Жогорку Кеңештин депутаты Руслан Казакбаев Бабанов бир жыл бою берген убадасында туруп, саясатка аралашпаганын айтты.
“Өмүрбек Бабанов саясатка кайтабы же жокпу, чечимди өзү кабыл алышы керек. Мурун ал элге кайрылуу жасаган. Бирок кандай болгон күндө дагы Кыргыз мамлекетинде ынтымак болушу керек. Өлкөдө реформа жүрүп, өнүгүү болушу зарыл. Ар бир саясатчы, лидер өлкөнүн коопсуздугуна, ынтымагына, өнүгүүсүнө салымын кошсун. Кечээ экс-президент Алмазбек Атамбаев маегинде Бабанов эмне үчүн саясаттан кеткенин, эмне үчүн өлкөдөн сыртка чыкканын, Он-Адыр боюнча ачылган кылмыш иши саясий максатта болгонун ачык айтыптыр. Буга башка деле комментарий керек эмес болуш керек. Президент муну өзгөчө көзөмөлгө алышын суранат элем. Укук коргоо органдарынын жетекчилери, УКМК жана Башкы прокуратура тез арада адилеттүү тергөө жүргүзүп, бул иш жабылат го деп ойлойм.
Бабанов бир жыл бою өз сөзүндө бекем турду. Бабановдун мамлекеттен чыгып, саясаттан кетишине, ынтымак үчүн ошол жакта болуп турушуна 3 тараптуу келишим болгонун Атамбаев ачык айтыптыр. “Биз чечкенбиз. Саясаттан депутаттык мандатын тапшырып кетсин, ынтымак үчүн, жаңы бийликтин бекемделиши үчүн сыртта туруп турушу керек” деп айтты ал. Бабанов буга чейин эч бир саясий топко кошулбай, саясатка аралашкан жок”, - деди Казакбаев.
Жогорку Кеңештин депутаты Алмазбек Баатырбеков, саясат таануучулар Даниел Кадырбеков, Игорь Шестаков, Жолборс Жоробеков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.