Мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берип жатып Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши жабылышы керек деген оюн айтты. Белгилүү болгондой, президенттикке талапкерлигин койгон Бабанов 2017-жылдын 15-октябрында шайлоодон кийин өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайткан эмес. Кийин ал саясаттан биротоло кеткенин жарыялаган.
SUPER.KG порталынын "Өмүрбек Бабанов саясатка кайтышы керекпи?" деген соболуна саясий эксперт Игорь Шестаков жооп берди.
Ал Бабановдун туруктуу шайлоочулары бар экенин айтты.
"2016-жылы парламенттик шайлоодо Бабанов лидерлик кылган "Республика-Ата Журт" партиясы 2-орунду алган, 2017-жылдагы президенттик шайлоодо ал өзү 2-орунду ээлеген. Бул көрсөткүчтөрүн эске алганда, саясатчы Бабановдун туруктуу рейтинги жана шайлоочулары бар. Ал саясий капиталга ээ. Ага карата козголгон кылмыш иштери токтотулушу керек деген экс-президенттин билдирүүлөрү Бабановдун рейтингине оң таасирин тийгизет", - деди Шестаков.
Жогорку Кеңештин депутаттары Алмазбек Баатырбеков, Руслан Казакбаев, саясат таануучулар Даниел Кадырбеков, Жолборс Жоробеков, жарандык активист Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.