Испаниянын "Барселона" клубунун чабуулчусу Лионель Месси Аргентина курамасына кайтуу үчүн сүйлөшүү өткөрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.
Маалыматка караганда, Месси Аргентинанын футбол федерациясынын президенти Клаудио Тапиа менен жолугушкан.
"Месси менен Тапиа Мадрид шаарында өткөн Либертадорес Кубогунун финалында жолугушту. Анда Мессини улуттук курамга кайтаруу боюнча маек курушту. Бирок сүйлөшүү тууралуу кеңири маалымат таратыла элек", - деп жазышат басылмалар.
Месси акыркы жолу Орусияда өткөн футбол боюнча дүйнө чемпиондугунда Аргентина үчүн оюнга чыккан. Ошондон бери Аргентина курамасындагы ишмердүүлүгүн убактылуу токтоткон. Футболчу 1987-жылы Аргентинанын Росарио шаарында туулган жана аталган өлкөнүн жараны.