Кытайда "Apple" компаниясынын смартфондорун сатууга тыюу салынды

Кытай өлкөсү iPhone 6, iPhone 6Plus, iPhone 7, iPhone 7Plus, iPhone 7, iPhone 7Plus жана iPhone X моделдериндеги смартфондорду сатууга тыюу салды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, компаниянын үстүнөн арыз жазган Qualcomm.Inc ишканасы "Apple" компаниясынын патенттик укуктарды бузганын айткан. Бирок компания өзүнө тагылган айыптарды четке кагып, Qualcomm.Inc ишканасынын аракети мыйзамсыз экендигин билдирип, аппеляциялык сотко арыз берген.

Кытайдын Фучжоу шаардык соту америкалык "Apple" компаниясынын смартфондорунун айрым үлгүлөрүн Кытайда сатууга тыюу салуу чечимин чыгарган.

Алар тыюу салынган үлгүлөр кайра иштелип чыгып, жаңы сапат менен сатыкка коюлганын жана каалоочулар кайрадан сатып алса болорун жарыялашты.

Бул окуядан кийин "Apple" компаниясынын акциясы 2 пайызга арзандап кеткен.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Eka.kg
2018-12-11 21:09:14
Бул окуядан кийин "Aplle" компаниясынын акциясы 2 пайызга арзандап кеткен.

+1
zzz---zzz
2018-12-11 22:54:37
Кытай ушундай күчтүү держава а биздечи сапатсыз товарлар сатылса да кармап, силер ушундай начар товарларды сатып атасынар деп сотко бере алышпайт.
-2
ekaterinburg
2018-12-11 23:07:32
Булардын"согушунун"себеби:
Америка"Huawei"компаниясынын директорунун кызын камакка алышкан.Ошого ушинтип ызылдап атышат.
+4
Feiza1982
2018-12-12 12:31:32
Бири бирине эрегишип жатат . Президенттери Америка менен Түркия ортодо карпайып калк зыян тартат!!!
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан