Казакстан дизель майын экспорттоого тыюу салат

Орусия менен Казакстандын дизель майынын чекене баасынын айырмасы 60-70 теңге (12-14 сом) болууда. Буга байланыштуу Казакстан жыл аягына чейин дизель майын экспорттоого тыюу салат. Бул тууралуу аталган өлкөнүн энергетика министри Канат Бозумбаев билдиргенин чет элдик басылмалар жазышууда.

Ал буга чейин Орусияда дизель майына болгон суроо-талаптын жогору болгонун айтып, мындан улам күйүүчү-майлоочу май коңшу өлкөгө чыгарылып кетип жатканы себеп болгонун айтты.

"Орусия менен дизель майынын чекене баасынын айырмасы 60-70 теңге болууда. Жүк ташуучу унаа менен ташый берсең болот, чек ара ачык. Ошондуктан азыр качан тыюу салынары жана ага ким көзөмөл кылары боюнча чараларды даярдап жатабыз. Бизде башка альтернатива жок. Болбосо биздин өндүрүштөгү дизель майынын 192 теңгеден сатылып жаткан бир литри 250 теңге болушу керек", - деди министр.

Учурда дизель майына байланыштуу тиешелүү документтер даярдалып жатканын кошумчалады.

"Азыр биз документ даярдап жатабыз. Ал боюнча тиешелүү мекемелер менен макулдашкандан кийин сайтка чыгарабыз. Андан кийин он күндөн соң документке кол коём. Ага ылайык декабрда дизель майын экспорттоого жарым жылга тыюу салынат", - дейт Бозумбаев.

Буга чейин Казакстандын энергетика министрлиги Орусия менен чектешкен райондордо дизель майы менен бензинге болгон суроо-талап кескин жогорулаганын билдирген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан