Жылдык кирешеси 86 миллион долларды түзгөн Жеймс Паттерсон эң кирешелүү жазуучу деп табылды

Атактуулардын жылдык кирешесин эсептеп, жыл жыйынтыгын чыгарган американын "Forbes" журналы бул ирет жазуучулардын жылдык кирешесин жарыялады.
Чет элдик басылмалардын маалыматына ылайык, жыл ичинде чыгармаларын сатуудан эң көп киреше тапкан жазуучу деп Жеймс Паттерсон табылган. Ал детектив жанрындагы романы менен 86 миллион доллар каражат тапкан. Анын тапкан кирешеси өткөн жылга салыштырмалуу аз.
Тизменин кийинки сабынан "Гарри Поттер" чыгармасынын автору Жоан Роулинг орун алган. Анын 2018-жылдагы кирешеси былтыркы жылга салыштырмалуу 41 миллион долларга кыскарган. Тагыраагы, бул жылы Жоан Роулинг 45 миллион доллар киреше тапкан.
Ал эми кирешелүү жазуучулардын тизмесиндеги үчүнчү орун Стивен Кингге буюрган. Ал 2018-жылы 27 миллион доллар каражат таап, өткөн жылдагы позициясынан 2 баскычка жогорулаган.
Жалпысынан жыл ичинде эң көп киреше тапкан 11 жазуучунун аты аталып, алардын жалпы кирешесин кошкондо 283 миллион доллардан ашуун сумманы түзгөн.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан