
Экс-президент
Алмазбек Атамбаев акыркы берген маегинде азыркы бийлик ал тапкан каражаттарды иштетүү менен эле алек болуп, көрүнүктүү иш жасабай
жатканын айтты.
"Мен Сооронбай Жээнбековду уксам, эч нерсе кылбай эле азыркыдай отурушум керек экен да. Эми буларга го жыргал, орустардан жарым миллиард доллар алып келип, фонд ачып койгом, ишканалар ачыла берет. Жээнбеков барып, ишканалардын лентасын кесе берет", - деди Атамбаев.
SUPER.KG порталынын "Атамбаев "Жээнбеков мен тапкан акчага ачылган ишканалардын лентасын кесип жүрө берет эми" деди. Азыркы бийлик өз алдынча көрүнүктүү иштерди жасай алдыбы?" деп соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мээрбек Мискенбаев жооп берди.
Ал Сооронбай Жээнбековдун президент болгонуна бир жылдан ашса да көрүнүктүү иштерди жасабаганын белгиледи.
“Бир жылда инвестиция келген жок. Экономика өнүкпөй, бюджеттин тартыштыгы орун алды. Атамбаев туура айткан. Сооронбай Жээнбеков ишканалардын лентасын кесип жүрө берет. Азыркы президенттин намаз окуп, орозо кармаган, эл менен учакка түшкөн модасы бүттү. Бир жылдын ичинде Сооронбай Жээнбеков өзүнүн реформатор эмес экенин көрсөттү. Бакиевдин заманы келди”, - дейт Мискенбаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары
Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашова, КСДПнын мурунку мүчөсү
Сагынбек Абдрахманов, эксперт
Эмил Үмөталиев, жарандык активист
Айбек Мырза, журналист
Нарын Айыптын пикири төмөнкү
шилтемеде.