
Экс-президент
Алмазбек Атамбаев акыркы берген маегинде азыркы бийлик ал тапкан каражаттарды иштетүү менен эле алек болуп, көрүнүктүү иш жасабай жатканын айтты.
"Мен Сооронбай Жээнбековду уксам, эч нерсе кылбай эле азыркыдай отурушум керек экен да. Эми буларга го жыргал, орустардан жарым миллиард доллар алып келип, фонд ачып койгом, ишканалар ачыла берет. Жээнбеков барып, ишканалардын лентасын кесе берет", - деди Атамбаев.
SUPER.KG порталынын
"Атамбаев "Жээнбеков мен тапкан акчага ачылган ишканалардын лентасын кесип жүрө берет эми" деди. Азыркы бийлик өз алдынча көрүнүктүү иштерди жасай алдыбы?" деген соболуна эксперт
Эмил Үмөталиев жооп берди.
Ал кандай шартта болбойлу баары бир элдин кызыкчылыгын коргоп калганга аракет кылуу керек дейт.
“Коңшу Өзбекстандын экономикага тиешелүү чечимдери биз үчүн үлгү болуп келе жатат. Борбордук Азиядагы өлкө лидерлеринин арасынан 30 жылдан бери “жарандар мамлекет үчүн эмес, мамлекет жарандарына кызмат кылыш керек” деген сөздү Мирзийоевден угуп жатабыз. Биздин лидер да ошондой принципке өтүшү керек болчу.
Ишкерликке аймактарда эң либералдуу, конкреттүү шарттар түзүлүп келе жаткан. Ал эми бүгүнкү күндөгү кээ бир аракеттер, "ЕАЭБдин комиссиясы мажбурлап жатат" деген жүйө бизнеске кысым көрсөтүлүп жаткандай. Биз кандай шартта болбойлу, баары бир өзүбүздүн кызыкчылыгыбызды, элдин кызыкчылыгын коргоп калууга аракет кылышыбыз керек. Биримдиктин буйруктары бизге оор болуп калат. Биз аны шашылыш аткаруудан этият болушубуз зарыл. Элдин оокат кылууга болгон шартын жакшыртууну колго алалы. Эски бийлик, жаңы бийлик деген менен маселе чечилбейт”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаттары
Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашева, Жогорку Кеңештин экс-депутаты
Мээрбек Мискенбаев, КСДПнын мурунку мүчөсү
Сагынбек Абдрахманов, жарандык активист
Айбек Мырза, журналист
Нарын Айыптын жообу бул
шилтемеде.