
Экс-президент
Алмазбек Атамбаев акыркы берген маегинде азыркы бийлик ал тапкан каражаттарды иштетүү менен эле алек болуп, көрүнүктүү иш жасабай жатканын айтты.
"Мен Сооронбай Жээнбековду уксам, эч нерсе кылбай эле азыркыдай отурушум керек экен да. Эми буларга го жыргал, орустардан жарым миллиард доллар алып келип, фонд ачып койгом, ишканалар ачыла берет. Жээнбеков барып, ишканалардын лентасын кесе берет", - деди Атамбаев.
SUPER.KG порталынын
"Атамбаев "Жээнбеков мен тапкан акчага ачылган ишканалардын лентасын кесип жүрө берет эми" деди. Азыркы бийлик өз алдынча көрүнүктүү иштерди жасай алдыбы?" деген соболуна жарандык активист
Айбек Мырза жооп берди.
Ал азыркы бийлик экономика тармагында секирик жасай электигин айтты.
“Азыркы учурда экономикалык чоң масштабдагы долбоорлор баштала элек. Бир жылдан бери бийлик "коррупцияга каршы күрөш" деген ураан менен эле келе жатат. Атамбаевдин деле алгылыктуу иштерди жасап, лента кескенин көргөн жокпуз. Чет мамлекеттерден карызга алынган акчаларды эле иштетип жатышат. Мурдагы бийлик 6 жыл отуруп, инвестиция тарткан жок. Мисалы, Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзийоев АКШ, Сингапур менен келишимдерди түзүп, канчалаган ишканаларды ачып жатат. Ал эми Сооронбай Жээнбековдун бийликке келгенине бир жылдан ашты, бирок ишкана ачуу маселеси жана секирик жасай турган экономикалык долбоорлору ишке аша элек”, - деди ал.
Жогорку Кеңештин депутаттары
Абдывахап Нурбаев, Айсулуу Мамашева, Жогорку Кеңештин экс-депутаты
Мээрбек Мискенбаев, КСДПнын мурунку мүчөсү
Сагынбек Абдрахманов, эксперт
Эмил Үмөталиев, журналист
Нарын Айыптын жообу
бул шилтемеде.