Депутат финансы министри кызматына сунушталып жаткан Бактыгүл Жээнбаеванын мүнөзү оор экенин айтты

Бүгүн, 12-декабрда парламенттин жалпы жыйынында депутат Исхак Масалиев финансы министри кызматына сунушталып жаткан Бактыгүл Жээнбаеванын мүнөзү оор экенин айтты.

Эл өкүлү Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлигин колдобой турганын мурдагы жыйында айтканын эске салды.

"Сиздин кызматыңызды колдобойт элем. Билишимче, мүнөзүңүз оор экен. Кол алдыңыздагы кызматкерлер менен тез урушуп кетет деп уктум. Эми Финансы министрлигине сизге окшогон жетекчи зарыл болуп жатса керек. Бирок кээ бир терс сапаттарыңызды сыртка таштап, иш бөлмөңүзгө кириңиз", - деди Масалиев.

Бактыгүл Жээнбаева кесиптештери менен ынтымакта иш алып бара турганын айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан