Иса Өмүркулов финансы министри кызматына талапкерге: "Сизди жеке тааныйм. Бүгүнкү күндө бул кызматка эң күчтүү кадрды сунуштап жатасыңар"

Депутат Иса Өмүркулов парламенттин 12-декабрдагы жыйынында "Финансы министрлиги эң маанилүү болгон каржы саясатын жүргүзөт" деди. Учурда парламентте финансы министри кызматына Бактыгүл Жээнбаеванын талапкерлиги сунушталды. Аны депутаттар менен премьер-министр өзү тааныштырды.

Өмүркулов аталган кызматка эң татыктуу кадр сунушталганын айтты.

“Жакында 2019-жылдын бюджетин бекиттик. Ошондой эле 2020-жылга карата да болжолдуу бюджетти кабыл алдык. Бирок көрсөткүчтөрдө өсүү байкалган жок. Биз пенсияны, айлыктарды көтөрүшүбүз керек эле да. Өтө маанилүү министрликке сизди көрсөтүп жатышыптыр. Сизди жеке тааныйм. Бүгүнкү күндө бул кызматка эң күчтүү кадрды сунуштап жатасыңар”, - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан