Депутат Жапаров финансы министри кызматына талапкерге: "Каражатты сарптаганды эмес, сарамжалдуулукту үйрөнүңүз"

Финансы министрлиги өлкөдөгү акча табуу боюнча биринчи орундагы өкмөттүк түзүм болушу керек. Мындай пикирин бүгүн, 12-декабрда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Акылбек Жапаров билдирди.

Эл өкүлү финансы министри кызматына талапкерлиги каралып жаткан Бактыгүл Жээнбаевага акча тапканды үйрөнүүсүн айтты.

"Жылдан-жылга республикалык бюджеттин киреше бөлүгү төмөндөп эле келе жатат. Финансы министрлиги каржы саясатын алып бара турган өкмөттүн тармагы болуп саналат. Каражатты сарптаганды эмес, сарамжалдуулукту үйрөнөлү. Бактыгүл Жаныбековна, сиз акча тапканды үйрөнүңүз. 2020-жылы республикалык бюджеттин кирешесин 50 пайызга жогорулатып алып келиңиз", - деди Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан