Конгресстеги демократтар дубалдын курулушун каржылоого каршылык билдирип, долбоорго Трамп сураган каражаттан төрт эсе аз акча бөлүүгө макул болушууда. Тактап айтканда, 1,3 миллиард доллар бөлүнө турганын билдиришкен.
Эгер АКШ Конгрессинин эки палатасы тең бюджетти колдобосо, анда мамлекеттик органдар ишин токтотууга мажбур болушат.