Орусияда интернет аркылуу мамлекетти кемсинткендерди жазага тартуу сунушталды

Орусиянын депутаттары интернетке Конституцияны жана мамлекетти кемсинткен маанидеги материалдарды жарыялаган жарандарды жазалоону сунушташууда. Бул тууралуу орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка караганда, Федерациялык Кеңештин мүчөсү Андрей Клишас, депутат Дмитрий Вяткин жана сенатор Людмила Бокоева авторлук кылган бул мыйзам долбоору учурда Мамлекеттик Думага келип түшкөн.
"Аталган мыйзамды бузган жарандар административдик жазага тартылат. Интернетте да тийиштүү эрежелер сакталышы керек. Мамлекеттик институттар да сыйланууга тийиш", - деп айтышкан мыйзамдын авторлору.
Демилге кабыл алынып калса, бул мыйзам бузуу кичинекей бейбаштык катары эсептелинет.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан