Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында оппозициялык "Өнүгүү-Прогресс" фракциясынын лидери Бакыт Төрөбаев борбордук трибунадан кайрылуу жасады. Ал өкмөттүн курамын өзгөртүүгө чакырды.
"Президент мамлекеттик органдардагы коррупцияны өлкөнүн келечеги үчүн коркунуч жаратарын белгилеп, өз ишиндеги башкы багыттардын бири деп бекитти. Буга карабай министрдин орун басары ири суммадагы пара менен кармалып жатат, Улуттук банктын төрагасы алган 5 миллион сом ссуданы кечип койду, чиновниктер карыздын эсебинен байып жатышат. Биз кайда баратабыз?" - деди Төрөбаев.
Буга байланыштуу ал мамлекеттик кызматкерлерди электен өткөрүү зарылдыгын баса белгиледи.
"Кызматтарга идеяга бай жаңы адамдарды алып келели. Мисалы, экс-депутат Алтынай Өмүрбекова вице-премьер болуп, жакшы иштеп жатат. Экс-депутат Улукбек Кочкоров министр болуп, эл менен иштеп жатат. Жетекчилик кызматтарга депутаттардан алалы", - деп сунуштады депутат.
Андан соң ал КСДПнын лидери Иса Өмүркуловго кайрылып, премьер-министр менен кадр маселеси боюнча сүйлөшүүгө чакырды. "Биз оппозициядабыз, кадр маселесин чече албайбыз. Сиз өкмөт башчы менен сүйлөшүп, өкмөттүн түзүмүн өзгөртүүнү талкууласаңыз. Көп жакшы реформаларды жасап, ишеним жаратыш үчүн кадр саясатын жолго коюу керек. Эгер бул ишти жасабасак, Кыргыз Республикасынын келечегине кайдыгер болобуз", - деп сөзүн бүтүрдү Төрөбаев.