Пекиндин жашоочусу үйүн жана жумушун таштап, китеп саткан дүкөндө 3 айдан бери күнүн өткөрүүдө. Анткени ал ушул жылдын сентябрь айында дал ушул дүкөндөн бейтааныш кызды бир көрүп сүйүп калган. Мындай маалыматты чет элдик маалымат булактары жазууда.
Анда жазылгандай, 25 жаштагы кытай жигит сентябрь айынын аягында китеп саткан дүкөндөн сулуу кызды көрүп калып, жанына бара албай калган. Анткени анын жанында өзүнүн сүйлөшкөн кызы болгон. "Сүйлөшкөн кызыма бул нерсе жакпайт болчу. Анын сезимдерин сыйлап, башка бейтааныш кызга барып тааныша албай койгом. Ошол саналуу секунддарда бейтааныш кыз экөөбүздүн көздөрүбүз чагылыша түштү. Экөөбүздүн ортобузда түшүнүксүз өзгөчө байланыш болуп кетти. Мен аны бир көрүп сүйүп калып, ошол бойдон оюмдан кетпей жатат", - деген жигит жергиликтүү телеканалдардын бирине.
Дал ошол күндөн тартып бир мүнөт да ал кызды оюнан чыгара албай калган жигит саат 11:00дө дүкөн ачылгандан баштап 19:00дөгү жабылуу убактысына чейин ошол аймакты күзөтүп жүрүп калган. Ошондой эле жигит кыздын сүрөтүн болжол менен колго тартып, дүкөнгө келгендин баарына таратып чыккан.
Жигит учурда жумушка да барбай дүкөндү акмалап жүргөндүктөн, жашоо үчүн акчаны туугандарынан алып жатканын айтат. "Адамдар үй-бүлөсүн багуу үчүн акча таап иштешет. Эгер менин үй-бүлөм жок болсо, иштеп акча табуунун кандай кажети бар" деген ойдо ал. Ал бейтааныш кызды тапса эле үй-бүлө куруп, анан акылын токтотуп иштөөнү ойлонот.
"World of Buzz" порталы жигит жөнүндө төмөнкүдөй маалыматтарды жазат: "Кызды издеп жаткан жигит сотко дагы кайрылган. Ал бейтааныш кызды мени эмоционалдык азап тартууга жеткирди деген жүйө менен сотко берген. Сот арыз ээсинин доосун канааттандырса, укук коргоо органдары кызды издөөгө алышмак. Ушундай жол менен жигит кызга жолугууну көздөгөн. Бирок сот анын арызын карабай койгон", - деп жазат портал.