Депутат Улуттук банктын жаңы имаратынын курулушуна 310 миллион сом жумшалганын айтып, бул маселени парламенттин кароосуна алып чыгуу зарылдыгын билдирди

Бүгүн, 13-декабрда Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Улугбек Ормонов Улуттук банктын жаңы имаратынын курулушуна 310 миллион сом жумшалганын айтып, бул маселени парламенттин кароосуна алып чыгуу зарылдыгын билдирди.

"Улуттук банк өзүнчө эле мамлекеттин ичиндеги мамлекетке айланып алды. Каалаганын жасап жатат. 2006-жылдан бери Бишкек шаарындагы Акиев-Киев көчөлөрүнүн кесилишинде башкы имараты курулууда. Анын дагы канчага созуларын эч ким билбейт. 2005-жылдан бери Улуттук банктын жаӊы имаратынын курулушуна баш-аягы 310 миллион сом жумшалыптыр, дагы канча каражат жумшаларын ким билет? Бул маселени тармактык комитетте карап, анан парламенттин кароосуна алып чыгуу керек", - деди депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан