УКМК мамлекеттик эки мекеменин жетекчилерине кылмыш ишин козгоду

Улуттук коопсуздук мамлекеттик кызматы "Кыргыз жылуулук электр" жана "Чүйдөгү адистештирилген көчмө механизациялаштырылган колонна" мамлекеттик ишканасынын жетекчилерине кылмыш иши козголду. Алар "ишенип берилген мүлктү ээлеп алган" деп айыпталууда. Бул тууралуу аталган мекеменин маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, 2016-жылдын 1-августунда "Кыргыз жылуулук электр" ишканасы "Балыкчы жылуулук ишканасы" менен "Орловка жылуулук жана суу менен камсыздоо" ишканасы үчүн от казандарын сатып алуу үчүн сынак жарыялаган.

"Жалпы баасы 22 миллион 854 миң сом болгон. Сынактын жыйынтыгы менен ошол эле жылы 19-сентябрда "Чүйдөгү адистештирилиген көчмө механизациялаштырылган колонна" мамлекеттик ишканасы менен 20 миллион 200 миң сомго Балыкчыга 3, Орловкага 1 от казан орнотуу боюнча келишим түзүлгөн", - деп билдирди УКМКнын маалымат кызматы.

Маалыматка караганда, ишкананын эсебине каражат которуу келишимдин шарттарын бузуу менен аткарылган. От казан орнотуучу ишкананын эсебине 12 миллион 900 миң сом которулган. Текшерүүнүн жыйынтыгында "Кыргыз жылуулук электр" ишканасынын Балыкчыга койгон от казандары иштебей тургандыгы белгилүү болгон.

Учурда тергөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан