Президент Сооронбай Жээнбеков Бактыгүл Жээнбаеваны финансы министри кылып дайындады. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн таратышты.
Жээнбаеванын талапкерлигин кечээ, 12-декабрда Жогорку Кеңештин депутаттары бир добуштан колдогон. Буга чейин ал президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштеп келген.
Адылбек Касымалиев финансы министри кызматынан өз арызынын негизинде 6-декабрда кеткен.
Бактыгүл Жээнбаева 1960-жылдын 31-июлунда Бишкек шаарында туулган.
Экономика илимдеринин кандидаты. Учурунда "Кыргызстан коммерциялык банкынын" директорлор кеңешинин төрайымы болуп, кийин Улуттук банктын төрайымынын милдетин аткаруучу, 2011-2015-жылдары аталган мекеменин жетекчисинин орун басары катары эмгектенген. Мамлекеттик ипотека компаниясынын башчысы болуп да иштеген. Ошондой эле 2016-жылдын декабрына чейин "Айыл банктын" башкаруучулар кеңешинин төрайымы болгон.
2018-жылдын июлунан тарта президент Сооронбай Жээнбековдун кеңешчиси болуп иштеп жаткан.