Депутат Исхак Масалиев: "Бабановдун маселесин күн тартибине киргизбөөдө төрага тактикалык оюн кылып койду"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берип жатып Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши жабылышы керек деген оюн айткан эле. Буга байланыштуу кечээ жана бүгүн Жогорку Кеңеште экс-депутат Өмүрбек Бабановго козголгон иштер боюнча маселе каралмак. Эгер кечээ жумуш убактысы бүткөндүктөн бул маселени кароо башка күнгө жылдырылса, бүгүн маселе кайрадан добушка коюлуп, колдоо таппай калды.

SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңеш Бабановго козголгон кылмыш иши боюнча маселени карамакчы болуп, көп өтпөй көпчүлүк депутаттар баш тартышты. Бул эмненин белгиси?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев жооп берди.

Ал "парламент төрагасы жыйында депутаттардын аз болуп жатканын көрүп туруп, маселени добушка коюп салды" дейт.

"Бул төраганын кылган иши болду да. Депутаттар бейшемби күнү аз болушун билип туруп, маселени добушка коюп салды. Бул жерде башка себепти көрбөй жатам. Депутаттар өздөрү жыйында жок болуп калды. Маселе кечээ каралмак. Бирок кезек жетпей саат 18:00 болуп кеткени үчүн каралган эмес. Бүгүн мен да кечигип калдым. Бул маселеде төрага тактикалык оюн кылып койду”, - деди Масалиев.

Жогорку Кеңештин депутаттары Мирлан Бакиров, Максат Сабиров, Ирина Карамушкина, Кенжебек Бокоев, Тазабек Икрамов, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана "Реформа жана жыйынтык үчүн" жарандык бирикмесинин координатору Тимур Шайхутдиновдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан