Депутат Ирина Карамушкина: "Бабановдун кайтып келиши азыркы бийликке ыңгайсыз"

Экс-президент Алмазбек Атамбаев "Апрель" телеканалына маек берип жатып Өмүрбек Бабановго каршы козголгон кылмыш иши жабылышы керек деген оюн айткан эле. Буга байланыштуу кечээ жана бүгүн Жогорку Кеңеште экс-депутат Өмүрбек Бабановго козголгон иштер боюнча маселе каралмак. Эгер кечээ жумуш убактысы бүткөндүктөн бул маселени кароо башка күнгө жылдырылса, бүгүн маселе кайрадан добушка коюлуп, колдоо таппай калды.

SUPER.KG порталынын "Жогорку Кеңеш Бабановго козголгон кылмыш иши боюнча маселени карамакчы болуп, көп өтпөй көпчүлүк депутаттар баш тартышты. Бул эмненин белгиси?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Ирина Карамушкина жооп берди.

"Бабановдун маселеси парламентте каралбашы үчүн бүгүн КСДПнын мурдагы мүчөсү Иса Өмүркулов "каршы добуш бергиле же такыр добуш бербегиле!" деп фракция мүчөлөрүнө буйрук берип чыкты. Менден башкалардын бардыгы баш ийди. Бабановдун кайтып келиши азыркы бийликке ыңгайсыз, анын артында шайлоочулары бар. Ошондуктан көпчүлүк депутаттар коркуп, маселени күн тартибине киргизүүдөн баш тартышты.

КСДП фракциясы партиянын саясий кеңешинин чечимдерине баш ийбей жатат, партиянын лидерин "КСДП Атамбаевсиз" долбоорун ишке ашырган алдамчылардан жана эки жүздүү адамдардан коргобой жатат. Ошол эле учурда фракция шайлоочулардын добуштарын жана депутаттык мандаттарды пайдаланууда. Таң калычтуусу, эмнеге КСДПга добуш берген шайлоочулар Конституциялык сотко жана Борбордук шайлоо комиссиясына арызданбай жатышат?" - деди Карамушкина.

Жогорку Кеңештин депутаттары Кенжебек Бокоев, Исхак Масалиев, Максат Сабиров, Мирлан Бакиров, Тазабек Икрамов, саясий серепчи Нурсултан Акылбек, укук коргоочу Динара Ошурахунова жана "Реформа жана жыйынтык үчүн" жарандык бирикмесинин координатору Тимур Шайхутдиновдун пикири бул шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан